Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Атамбаевдин абак алдындагы билдирүүсү

0

14-февралда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Ал абактын оозунда туруп өзүнө козголгон кылмыш иштеринин баары негизсиз экенин журналисттерге айтты. Тез арада дарыланышы зарыл экенин айтып, Испанияга учуп кетерин билдирди. Бирок кайра кайтып келерин белгиледи.

Атамбаев сөз арасында бийликте турганда маалымат каражаттарын сотко бергени үчүн өкүндү.

"Албетте, сөз эркиндиги болушу керек. Мен журналисттердин баарына ыраазычылык билдирем. Суукка карабай күтүп турганыңарды көрүп, атайын токтодум. Мен Дача-Су боюнча айрым маалымат каражаттарын сотко бергем. Азыр ошон үчүн өкүнөм. Мен ал кезде президент болгонум үчүн сотко бербешим керек экенин эске албаган экенмин. Анткени соттор күчтүүлөрдүн пайдасына гана чечим чыгарарын өзүм көрдүм", - деди Атамбаев.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Атамбаев бийликте турганда баш прокурор Индира Жолдубаева "президенттин аброюна шек келтирди" деп миллиондогон сомдук доо менен “Азаттык” радиосун, “Заноза”, “24.kg” маалымат сайттарын жана “Ата Мекендин” юристтерин сотко берген. Кийин Атамбаев бул арыздарын кайра чакыртып алган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарганы шейшембиде белгилүү болду. Бул тууралуу документтин сүрөтү интернетке жарыяланды.

Атамбаевге чыккан мурдагы чечимдер жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилгенин Жогорку Соттун басма сөз кызматы 14-февралда билдирди.

Соттук коллегия жаңы ачылган жагдайларды эске алып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу Атамбаевге чыккан чечимди жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн.

Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко былтыр августта кайрылган.

“Соңку эки жылда Алмазбек Атамбаев Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште, түрк жарандарына паспорт берүү, бийликти басып алууга аракет кылуу, Октябрь окуяларына байланыштуу кылмыш ишинде толугу менен акталды. Ошондой эле бийлик тарабынан түзүлгөн комиссия Дача-Суда кырсыкка кабылган учактагы жүккө Атамбаевдин тиешеси жок экенин далилдеди. Бүгүн Батукаев иши боюнча сот өкүмү жокко чыкты”, - деп жазды Фейсбук барагына Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков.

Бирок коомчулукта анын саясий жоопкерчилигин эске салгандар да жок эмес. Саясат талдоочу Эмил Жороевдин пикиринде, буга чейинки мамлекет башчыларынын саясий жоопкерчилиги суралган эмес. Бирок баары бир бул суроо ачык бойдон кала бермекчи.

“Атамбаев алты жыл мамлекет башчы болгон жылдары кетирген саясий катачылыктары, туура эмес иштери боюнча эл арасында кенен маалымат бар. Ал киши баары кечирилип калды, унутулуп калды десе, адашкандык болот. Ага саясий баа берилиши ачык суроо бойдон кала берет. Жээнбековдун шайланып келишинде, андан мурдагы парламенттик шайлоодо деле президенттер шайлоого кийлигишпейт деген Конституциядагы талапты одоно бузганы баарыбызга белгилүү. Тилекке каршы, экинчи жагы бар, буга чейин Кыргызстанда 30 жыл бою мамлекетти башкарып кеткен кишилерден жоопкерчилик суралбаган иштер көп. Атамбаевге келип эле ушундай саясий жоопкерчиликтин маанисине жетип, ишке ашарын күтүү албетте, мүмкүн эместир. Бирок бул суроо бойдон, талап бойдон кала берет”, - деди саясат талдоочу Эмил Жороев.

“Бул жерден саясий маселе чыгат да, соодалаштыбы же жокпу? Москва аркылуу басым болгон жокпу деген сөздөр чыгат. Бул эми Кыргызстанда жашыруун деле сыр болбойт. Көбүн жакында эле угуп калышыбыз мүмкүн. Кыргызстанда бийлик алмашкан сайын абакта отургандар чыга берет. Анткени соодалашуу болот да. Ошондуктан акталып чыккан саясатчы сотту, тергөөчүнү, прокурорду кайра сотко берген бир дагы учур болгон эмес”,- деди Коопсуздук кеңешинин мурдагы төрагасы Өмүрбек Суваналиев.

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча камалган.

2020-жылы 23-июнда сот өкүмү чыгып, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президентти 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан.

"Атамбаев Алмазбек Шаршенович Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү (ред: 43-берене "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү", 2-бөлүгү "Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ошого тете уюшкан топ же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат") жана Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү (ред: 319-берене "Коррупция" 2-бөлүгү "Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу уюмдун кызыкчылыгында жасалган же оор кесепеттерге алып келген ошол эле жосун") менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл, эки айга эркинен ажыратылсын. II даражадагы "Манас" жана "Данакер" ордендеринен, "Даңк" медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратылсын. Жаза өтөө мөөнөтү 2019-жылдын 9-августунан тартып эсептелсин", - деп жазылган сот өкүмүндө.

Судья бул иште шек саналган дагы үч кишини күнөөлүү деп тапкан.

Кой-Таштагы кандуу операция

 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону улантууда. Бул иш боюнча Атамбев баштаган, мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков жана Атамбаевдин бир нече тарапташы айыпталып жатат. Оппозициялык саясатчы Рашан Жээнбеков башка айыпталуучулар үй камагына чыккан. 

2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Ташта күч кызматкерлеринин Атамбаевди кармоо операциясында УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, жалпысынан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин,  УКМКнын 40 кызматкери,  калганы жөнөкөй жарандар болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *