Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Тажик бийлиги электр энергиясынын экспорту тууралуу маалыматты ачты

0
Тажик бийлиги электр энергиясынын экспорту тууралуу маалыматты ачты

Тажикстандын статистика боюнча агенттигинин башчысы Жамшед Нурмухаммадзода өлкө өткөн жылы коңшу мамлекеттерге 106 миллион долларлык электр энергиясын экспорттогонун билдирди. Маалыматка караганда, былтыр Ооганстанга 1,7 миллиард киловат саат жана Өзбекстанга 1,6 миллиард киловат саат электр энергиясы сатылган. Нурмухаммадзода башка өлкөлөргө да анча чоң эмес көлөмдө электр жарыгы сатылганын белгилегени менен ал кайсы өлкөлөр экенин ачык айткан жок.

30-январда энергетика министри жана «Барки Точик» ААКнын башчысы Ооганстанга экспорт жана оогандык Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) компаниясынын карызы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан.

Тажикстанда электр энергиясын чет жакка сатуу маселеси ар дайым кызуу талаш жаратып келген. Жергиликтүү тургундар мамлекет биринчи кезекте өз жарандарын жарык жана жылуулук менен камсыздашы керектигин айтса, бийлик ашыкча энергия гана четке сатыларын белгилейт.

Коңшу өлкөдө 1-февралдан тарта электр жарыгына чектөө кирип, ага жарандар нааразы. 13-январда «Барки Точик»компаниясынын башчысы Махмадумар Асозода электр энергиясына чектөө аба ырайы жана Вахш дарыясындагы суу-энергетикалык режим турукташканда алынарын билдирди.

Соңку жылдары айрым Борбор Азия мамлекеттери электр энергиясынын дефицитин баштан кечирип жатат. Буга керектөө өсүп, энергетикалык инфраструктуранын эскиргени жана көмүскөдөгү майнинг компаниялар себеп экени айтылып келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *