Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

АКШ Кыргызстандын медицина тармагына төрт миллион доллар бөлөт

0
АКШ Кыргызстандын медицина тармагына төрт миллион доллар бөлөт

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөтүү максатында кезектеги каржылык жардам катары 4 миллион доллар бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн 15-февралда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен жолугушууда USAID администраторунун орун басары Изабел Коулман билдирди.

Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда кургак учук, COVID-19, ВИЧ/СПИД сыяктуу илдеттерге каршы күрөш, Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын бекемдөө маселелери талкууланды.

Министр Баатырова USAID көрсөтүп келе жаткан колдоого ыраазычылык билдирип, анын өкүлүнүн Кыргызстанга сапары кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарарына үмүттөнөрүн айтты.

Пландалып жаткан 4 миллион доллар Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын бекемдөөгө багытталары маалымдалды.

Кыргызстандын медицина тармагы өкмөттүн өз акчасы жетишсиз болгондуктан сырттан жардамды көп алат. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *