Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн Испанияга учуп кетти

0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кетти. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев жүрөгүн жана омурткасындагы грыжаны дарылатат.

14-февралда абактан чыккан Алмазбек Атамбаев тез арада дарыланууга муктаж экенин айтып, чет өлкөгө учуп кетерин билдирген.

Ага чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы 14-февралда соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечимди жокко чыгарып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөнүн билдирген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко былтыр августта кайрылышкан.

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча камалган.

2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, "коррупцияны уюштурууга" айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *