Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Исманкулов мэрия менен соттошуп, акыры жаңы ижара келишимине жетишкени белгилүү болду

0
Исманкулов мэрия менен соттошуп, акыры жаңы ижара келишимине жетишкени белгилүү болду

Бишкек мэриясы «Алмазбек Исманкуловдун көздүн микрохирургиясы клиникасы» ээлеп турган имарат боюнча соттошуп, бирок акыры кайра ижара келишимин түзгөнү белгилүү болду.

Бүгүн 15-февралда Жогорку Кеңеште ижарага мыйзамсыз берилип кеткен мамлекеттик жайларды кайтаруу маселеси каралып жатканда Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев билдиргендей, келишим былтыр октябрда түзүлгөн:

«2022-жылдын февраль айында №2 төрөт үйүнүн жана №6 оорукананын ижарага берилген имараттарындагы клиникаларды чыгарууга аракет жасаганбыз. №2 төрөт үйүндөгү «Камэк» клиникасы чыгарылып, имараты бошотулган. Ал эми Исманкуловдун клиникасы менен соттошуп, бирок 2022-жылдын октябрь айында кайра макулдашуу түзүү боюнча келишимге кол коюлган. Коэффициент боюнча акысы 276 миң сом болмок, бирок 300 миң сом деп түзүлгөн. Кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу бул процесс токтоп турат».

Орунтаевдин айтымында, кеп №6 оорукананын жалпы аянты 1100 чарчы метрлик үч кабат имараты тууралуу болууда. 1958-курулган бул имарат Исманкуловго ижарага 1998-жылы өкмөттүн токтому менен берилген, кийин имарат мэриянын карамагына өткөн, ижара келишими улана берген.

Клиниканын тегерегиндеги чуу былтыр февралда башталган. Ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев имаратты бошотууну талап кылып, бир нече жолу ал жакка өзү да барган.

Март айында мэрия ижара келишимин бир тараптуу бузган. Исманкулов бул үчүн мэрияны сотко берген жана ижара акчасын мэриянын өтүнүчү боюнча алдын ала төлөп койгонун билдирген.

Азыр Исманкулов камакта отурат. Башкы прокуратура ал жана Бишкек мэриясынын бир нече кызмат адамы мамлекетке 93 миллион сомдук зыян келтиргени аныкталганын, сөз №6 оорукананын 2-корпусунун имараты бейтаптар үчүн орун жетишсиздигине карабай арзан баага ижарага мыйзамсыз берилгени тууралу болуп жатканын 10-февралда билдирген. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (“Коррупция”) негизинде тергелүүдө.(RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *