Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Жапаров Бишкектеги курулуштун сапаты боюнча пикирин билдирди

0
Жапаров Бишкектеги курулуштун сапаты боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде, Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты тууралуу суроого жооп берип жатып, бул тармакка көзөмөл акыркы эки жылда гана күчөтүлгөнүн билдирди.  

"Айрыкча акыркы 10 жылда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн кандай салынганын бир Кудай өзү билет. Эгер кулап калса, анда жашаган адамдардын убал-сообу ошол үйлөрдү салган адамдардын, буга чейинки Мамкурулушка тиешелүү архитекторлордун абийиринде калат. 2020-жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча иштерди иретке салып келе жатабыз. Көзөмөлдү күчөттүк. Кечээ жакында Мамлекеттик курулуш мекемесин реформа кылдык. Мындан ары “бир терезе” болот. Архитектураны Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына берип, Бишкектин ичиндеги курулуштарды ирээтке келтиргиле дедик".

Президент Жапаров 2020-жылдан бери Бишкектин ичиндеги көп кабаттуу үйлөрдөн 64 батир мэрияга алынганын, алар мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу турак-жайга кезекте тургандарга 20-25 жылдык мөөнөткө берилип жатканын айтты. Ошондой эле Бишкекте 74 көп кабаттуу үй мыйзамсыз салынган, жерлери трансформациядан өткөн эмес деди.

"Беш жылга ижарага деп алып алышып, көп кабаттуу үйлөрдү салып, сатып жиберишкен. Азыр эл жашап жатат. Кызыл сызыкка салынган үйлөр да бар. Андан сырткары, келишим менен мэриядан жер алып жатканда квартиралардын 10 пайызын беребиз деп жерлерди алып алышып, бирок бир дагы батир бербегендер бар экен. Алардын баары азыр эми мыйзамдаштырып бергиле деп кайрылып жатышат. “Макул биз мыйзамдаштырып берели, бирок сапатын өз мойнуңарга аласыңар. Абийир соту силердин мойнуңарда” деп жатабыз. Сүрдүрүп салалы десек эл жашап жатат. Элде эмне күнөө? Убагында кызылдай акчага сатып алышкан да",- деди Садыр Жапаров.

Президент мындан ары башаламан курулуштар болбосун жана жаңы салынып жаткан көп кабаттуу курулуштардын сапаты толук мамлекеттин көзөмөлүнө алынарын билдирген.

6-февралда Түркияда күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болуп, бир нече шаар кыйраган. Зилзаладан набыт болгондордун саны 40 миң кишиге жеткени кабарланууда. (ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *