Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

БУУ: "Ал-Каиданын" жаңы лидери Саиф ал-Адел болду

0
БУУ:

Египеттин атайын багыттагы аскерлеринин мурдагы офицери Саиф ал Адел "Ал-Каиданын" "талашсыз" лидери болуп калды. Бул тууралуу БУУнун жаңы баяндамасында айтылат.

"Ал-Каиданын" буга чейинки жетекчиси Айман аз-Завахирини былтыр 31-июлда Кабулда АКШнын ракетасы жок кылган.

БУУнун дүйнөдөгү терроризм тобокелдиктери тууралуу баяндамасында белгиленгендей, уюмдун мүчөлөрү былтыр декабрда Аделди "Ал-Каида" операцияларынын жетекчиси жана талашсыз лидери катары тааныган.

1998-жылы ноябрда АКШ Аделди Кошмо Штаттардын Танзания менен Кениядагы элчиликтерине кол салууга айыптаган. Ал теракттарда 220дан ашык адам өлүп, 5 миңге жакыны жараат алган.

АКШ тергөөчүлөрүнүн айтымында, Аделдин мындан тышкары америкалык журналист Дэниел Перланын 2002-жылы Пакистанда өлтүрүлүшүнө да тиешеси бар.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Африкадагы жардыруулардан кийин Адел Иранга барып, өлкөнүн түштүк-чыгышында жашырынып жүргөнүн кабарлаган. Вашингтон анын жайгашкан жери тууралуу кабар бергендерге 10 миллион доллар өлчөмүндө сый акы убадалаган.

Шаршембиде Ирандын БУУдагы миссиясы Адел Иранда экенин төгүндөдү.

ФБРдин мурдагы атайын агенти Али Суфан "Терроризмге каршы күрөшүү борборунун" сайтындагы билдирүүсүндө Саиф ал Адел деген ысым "Адилеттүүлүк кылычы" деп которуларын, анын чыныгы аты-жөнү Мохаммед Салахуддин Зейдан экенин жазган.

Усама бен Ладендин жихад кыймылынын тарапташтары Адел карьерасын 1981-жылы баштаганын айтышат. Анда ал Египеттин президенти Анвар ал Садатты өлтүрүүгө шек саналган.

Каирдеги аскердик парад маалында куралчан адамдар президентке ок атып, бул учур телеканалдарда түз эфирде көрсөтүлгөн.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *