Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Түркияга жардам эсебине 45 миллион сомго жакын каражат чогулду

0
Түркияга жардам эсебине 45 миллион сомго жакын каражат чогулду

Кыргызстандын Финансы министрлигинин 16-февраль саат 10:00гө карата маалыматына караганда, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 44 млн. 701 миң 937 сом жана 14,4 миң рубль түштү.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн аталган министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жарандар үчүн жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алат. Андан сырткары Кыргызстанда өз алдынча акчалай жана гуманитардык жардам чогулткандар болууда.

Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер барды. 67 куткаруучу кыйроонун эртеси күнү эле жөнөп кеткен.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 41 миңден ашуун адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө баш калкасыз калды. Улуттар Уюму бул сан эки эсеге көбөйүшү ыктымал экенин эскертти. Эки өлкөдө тең 800 миңдей кишиге тамак-аш жетпей, ачык асман алдында калгандар көп экени кабарланууда. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *