Нарында кар көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун беш тилкесинде болжолдуу 10 миң метр куб кар көчкү түшүп жол жабылганынан улам жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталганына байланыштуу 17-февралдан тартып Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Кар көчкүнү тазалоо үчүн 5 куткаруучу, министрликтин Куткаруучуларды даярдоочуу мамлекеттик борборунун 1 унаасы, 1 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 самосвал, Суу чарба ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.
Мындан сырткары бул унаа жолдун 265 жана 314 чакырымында жол кайгуул кызматы нөөмөт уюштурду.
ӨКМ аба ырайына байланыштуу бир катар жолдор жабылганын кабарлады.
Кыргызгидромет борбору 16-19-февраль күндөрдөгү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун айрым чакырымдарында, Төө-Ашуу, Долон, Өтмөк, Талдык, Көк-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү түшүүсү мүмкүн экенин эскертүүдө.
Жол тайгак болуп, муз тоңот жана машинелердин ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл. (КЕ)