Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Тажикстандагы белгилүү укук коргоо уюму жабылды

0
Тажикстандагы белгилүү укук коргоо уюму жабылды

Тажикстанда Юстиция министрлигинин сунушу менен "Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбордун" ишмердүүлүгү токтотулду.

Акыркы 13 жылдан бери кыйноого каршы күрөшүп келген уюм өткөн аптанын соңунда Дүйшөмбүдө соттун чечими менен жабылганын Юстиция министрлиги 16-февралда билдирди.

2022-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйында юстиция министринин орун басары Асадулло Хакимзода аталган уюмдун жабылышына каржылык отчетторун убагында тапшырбаганын жүйө келтирди. Ошондой эле башка мыйзам бузуулар болгонун белгилеп, бирок анын чоо-жайын атаган эмес.

Борбордун жетекчиси Шоира Давлатова маалыматты “Озоди” радиосуна бышыктап, сот чечими 26-январда чыкканын айтты. Уюм бир ай ичинде сот чечимине каршы арыздана алат. Давлатова сот отуруму бир эле күн болгонун белгиледи, бирок анын мыйзамдуулугу тууралуу суроого жооп берген жок.

“Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбор” 2010-жылы түзүлүп, Тажикстанда кыйноолорго каршы иштеген. Андан тышкары, бул уюмдун юристтери камалган журналисттердин да укугун коргогон. Мурда камактагы журналист Абдулло Гурбатиге жактоочулук кылган борбордун адвокаты Абдурахмон Шарипов январдын башында аны коргоодон баш тарткан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *