Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка багытындагы жолдо кар көчкү алдында калган автоунаа эки жүргүнчүсү менен кошо изделип жатканын маалымдады.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 16-февралда болжол менен саат 01:30 чамасында Mercedes-Benz спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 80-90- чакырымында түшкөн кар көчкүдөн улам, өтө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Көчкү түшкөн жерге Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары жана райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн үч куткаруучу, Жол тейлөө ишканасынан бир авто жүктөгүч барып, издөө иштерин жүргүзгөн. Бирок кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жумуш убактылуу токтотулган. 16-февралда саат 17:30дан баштап аталган айдоочу менен байланыш үзүлүп, 17-февралда Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн беш кызматкери атайын ыкчам автоунаасы менен саат 13:15де жолго чыккан. Жолдун 90-чакырымынан кийин беш куткаруучу издөө иштерин улантуу үчүн жөө жөнөп кетишти", - деп билдирди ӨКМ.
Азырынча кар көчкү алдында калгандардын табылганы тууралуу маалымат жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 17-февралда Ала-Бука айыл аймагына караштуу Иштамберди алтын кенин иштеткен ишкананын жатаканасын кар көчкү басып, төрт киши жараат алганын кабарлаган. Абалы оор бир жаран Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү.
Кыргызгидромет борбору 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдыгын кабарлаган.
ӨКМ аба ырайына байланыштуу бир катар жолдор жабылганын билдирди. Нарында кар көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.(ZKo)
Минское «Динамо» одолело «Шахтер» на финише 9-го тура чемпионата Беларуси
Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
Литературный монолог
«По праву памяти»,
к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова,
советского и российского писателя.
«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата