Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Болгарияда жүк ташуучу автоунаадан ооганстандык мигранттардын сөөгү табылды

0
Болгарияда жүк ташуучу автоунаадан ооганстандык мигранттардын сөөгү табылды

Болгар полициясы Софияга жакын жайгашкан Локорско кыштагында 18 мигранттын сөөгү салынган жүк ташуучу автоунааны тапты. БТА маалымат агенттиги башкы прокурордун орун басары Борислав Сарафовго шилтеме берип, дагы 34 адам аман калганын, алар токойдо жашынып жүрүшкөнүн жазды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, мигранттар чек араны кесип өтүп, бир нече сутка Ябол шаарынын четиндеги токойдо күн кечирген. Андан кийин аларды жүк ташуучу машинага салып кетишкен. Алардын 18и аба жетпей каза болгон деп айтылууда. Аман калган 34 адамдын бешөө балдар. Бардыгы Ооганстандын жарандары.

Полиция бул ишке байланыштуу төрт шектүүнү кармап, 24 саатка камакка алды. Алардын жашаган жерлери тинтүүгө алынды. Кармалгандардын бирөө айдоочу болушу ыктымал. Азырынча аларга айып тагыла элек.

“Эмне болгонун так айта албайм. Ал жакта аба да жетпей, үшүп да калышкан. Кийимдери суу болуп, бир нече күн наар алышкан эмес”, - деген Болгариянын саламаттык сактоо министри Асен Межидев.

Бийлик өкүлдөрү 18 кишинин өлүмүнүн себептерин жана аларды салган машина кайда багыт алганын аныктоо үчүн иликтөө иштерин баштады.

2019-жылы Англиянын түштүк-чыгышындагы Эссекс аймагында жүк ташуучу машинадан 39 адамдын сөөгү табылган. Алар Вьетнамдын жарандары экени белгилүү болгон. Каза болгондордун биринин тууганы BBCге Британияга жеткирүүнү убада кылган тарапка 38 миң доллар төлөшкөнүн билдирген эле. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *