Үч адамдын өмүрүн кыюуга шектүү эки айга камалды
Бишкектеги үч кишинин, эне-балдардын өлүмүнө шек саналган жаран эки айга камалды. Бишкектин Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 16-апрелге чейин №1 убактылуу тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек шаарында эки балалуу аялды мыкаачылык менен өлтүргөн үрөй учурган кылмышка шектүү 36 жаштагы жаран 17-февралда кармалган. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Расмий маалыматта ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. кармалганы айтылат.
Социалдык тармактын колдонуучулары жана айрым маалымат каражаттары шектүү Чынтемир Аширалиев экенин жазууда. Эки жогорку билими бар. Ал буга чейин коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, спорттун да чебери болгон. Аскердик наамы - майор.
2021-жылдын ноябрь айында Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. (КЕ)