Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Чаткал районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

0
Чаткал районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Бүгүн, 19-февралда катаал аба ырайына байланыштуу Жалал-Абад облусунуна караштуу Чаткал районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Расмий маалыматка караганда, Ала-Бука - Каныш-Кыя - Кировка жана Красная-Горка - Ак-Тaш унаа жолуна ири кар көчкү түштү. Каныш-Kыя, Чaткaл, Tepeк-Caй aйыл aймaктарында кар көчкү жүрүп, тоого жакын жайгашкан кээ бир үйлөрдү жана мал сарайларды басып калган. Кар көчкүдөн улам жолдо калгандарды жатакана жана ыссык тaмaк-аш менен Терек-Сай айыл өкмөтү камсыздап жатат.

18-февралда Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын 15 тургуну кар көчкү коркунучунан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Жалпы 13 мектеп аралыктан окутууга өткөн.

Чаткал районуна баруучу негизги каттамдын Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүп калганына байланыштуу жол жабылган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу бир катар жолдор жабылганын билдирген. Нарында кар көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (КЕ/TB)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *