Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Алты президенттин жолугуусу: мыйзам жана кечирим

0
Алты президенттин жолугуусу: мыйзам жана кечирим

Кыргызстандын алты президенти бир жерге чогулган окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрымдар президент Жапаровдун бул кадамын колдосо, бул иштин мыйзамдык жагын айтып, сынга алгандар да болууда.

Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирүүгө эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн барганы менен түшүндүргөн.

Атамбаевдин билдирүүсү

Жолугушуу тууралуу мурдагы президенттердин эч кимиси үн каткан эмес. 19-февралда Алмазбек Атамбаев жолугушуу болгонун ырастаган билдирүү таратты. Анын билдирүүсүн Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады. Анда Атамбаев мурдагы президенттер чогулганы тууралуу алдын ала кабары болбогонун, аны "президент Жапаров жана Камчыбек Ташиев (УКМК төрагасы) менен жолугушуу болот" деп чакырышканын билдирген.

"Мен дагы өлкөдө тынчтык, биримдик болушун каалайм. Президент Жапаровдун жакшы ниетин баалайм. Бирок жолугушуунун аягында мен эч ким менен коштошпой чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдай түзүлдү. Келечекте зарылчылык жаралса, албетте, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берем. Бирок өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу - эки башка нерсе. Бул экөөнү бириктирүү таптакыр башка жыйынтык берет. Көп кан төгүлгөн, аны унутуу мүмкүн эмес. Президент Садыр Жапаров мени укту жана туура чечим чыгарат деп үмүттөнөм", - деп жазган Атамбаев.

 

Президенттик аппарат бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

Мактоо жана сын

Саясатчы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков президент Жапаровдун бул аракетин тарыхый чечим катары сыпаттады.

"Мен чынында бул эки азаматтан - Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден мындайды күткөн жок элем. Бирок булар азаматтык кылып, тарыхый кадам жасашты. Президенттердин ынтымак болгону - алардын артындагы электораты, эл ынтымакта болушуна өбөлгө түзөт. Экинчиден, бийликтен кеткен мамлекет башчылардын кылган ишин тарыхчылар баа берип, тергөөчүлөр тергесе жарашат. Анткени бул ушул экөөнүн иши. Бизде мурдагы президенттерди айрым интеллигенция өкүлдөрү менен кошо эле коомчулук да сындап, шыбап жатып калышат. Президенттерди бийликте турган учурунда сындап, кызматтан кеткенден кийин унчукпай коюуш - айкөлдүк. Мен Акаев менен иштешкем, Бакиев бийликте турган учурунда катуу эле сындап жүрдүм. Ал бийликтен кеткен соң, анын дарегине бир да сөз айтканым жок. Атамбаевдин учурунда радикал оппозицияга кошулуп, ал үчүн 3,5 жыл абакта отурдум. Бирок Атамбаев кеткенден кийин унчуккан жокмун".

Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев мурдагы президенттер жолуккан окуяны жакшы жышаан катары кабыл алганын айтты. Бирок аларды эл кечиреби жокпу, татаал маселе дейт.

"Кыргызстандын президенттери жолугуп, жаман-жакшы айтышса да, бири-бирине нааразы болсо дагы, Кыргызстандын келечеги үчүн чукулашпайлы, бири-бирибизди кечирели деген маселенин көтөрүлүшү кандай өңүттөн алсак да, жакшы жышаан. Ал эми ар бир кыргыз жарандар аларды кечиреби жокпу, бул башка, татаал маселе. Ошондуктан президент Садыр Жапаров бул кадамы тууралуу жазганда да "мен мурдагы президенттердин бирине да кусаматым да жок, милдеткер да эмесмин" дегени өзү да көп нерсени түшүндүрүп турат",-дейт коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев

Мурдагы коргоо министри, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков президенттин бириктирем деген аракети колдоого татыктуу экенин, бирок мындай жол менен ишке ашырылганы мыйзамга туура келбейт деп эсептейт.

"Анткени мурунку президенттердин айрымдарына Кыргызстанда кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылган. Аларды актабай же соттун чечими менен кылган кылмыштарын жокко чыгарбай туруп, кайра чай бергени -мыйзамсыз. Курманбек Бакиев жүзгө жакын адамды аттырган деп айыпталып, сыртынан кесилген. Мыйзам жагынан алганда Бакиевди Кыргызстанга алып келип, каматышы керек эле. Аксы окуясында элди аттырган деп айыпталган Аскар Акаевди былтыр "кылмыш мөөнөтү өттү" жана башка деп, соттун чечимин чыгарып беришти. Мейли аны чакырып, чай берсин. Бир нече кылмыш ишине айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаев Батукаев иши боюнча айыпталып, камалган. Ал ишти жаңыдан кароого жиберишти. Бирок анын айыптуулугу да алына элек. Мына ушундай жагдайларга көз жуумп туруп, "мен бириктирүү максатында баарын чогулттум, бири-бирин кечиришти" дегени туура эмес. Бул укуктук жактан алып караганда таптакыр туура эмес. Бул укуктук нормага жооп бербейт. Андай болсо Конституциядагы "Кыргызстан - укуктук өлкө" деген жазууну алып коюш керек. Президент Жапаровдун бул кадамын мыйзамды баалаган мамлекеттер, эл аралык коомчулук кубаттабайт".

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Өмүрбек Абдырахманов мурдакы президенттердин баарын бир жерге чогултуп койгондон өлкө өнүгүп кетпейт дейт.

"Феодалдык жашоонун өрнөгүнөн алып туруп, баарын бир жерге чогултуп, кошуп койсок эле өлкө өнүгүп, эл биригип кетет деген өтө чоң жаңылыш ой. Ошондон Кыргызстан биригип, өнүгүп кетпейт. Минтип чогултуулар буга чейин деле болуп келген, премьер-министр мурункуларын, спикер өзүнө чейинки иштегендерди чогултуп эле жүрүшпөдү беле. Менин айтарым, ушул бир дастарконго чогулган президенттердин кимиси олуттуу реформа кылып, өлкөнү өнүктүрүп жиберди эле? Биринин да эсте каларлык реформасы жок".

Орусиялык саясат талдоочу Аркадий Дубнов эми президент Жапаровдун муну менен Кыргызстандагы төңкөрүштөрдүн "жагымсыз чынжырын” үзүүгө аракет кылдым деп айтышына негиз бар деп жазды.

 

Мурдакы президенттердин таржымалы

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат.

Аскар Акаев - Кыргызстандын тунгуч президенти. Бийлик бийик сересине СССР урап, доор алмашып жаткан кезде чыккан. Физик-окумуштуу Аскар Акаев президенттик бийликке Михаил Горбачев башында турган расмий Москванын жана Чыңгыз Айтматовдун колдоосу менен күтүүсүздөн келгени айтылып да, жазылып да келет. Буга биринчи баскычта президенттикке талапкерлер Апсамат Масалиевдин, Апас Жумагуловдун, Жумгалбек Аманбаевдин жетиштүү добуш албай калышы, Чыңгыз Айтматовдун сунуштан баш тартышы себеп болгон. Кезинде жаш окумуштуу, демократ атыккан туңгуч президент Кыргызстанды 14 жыл башкарган. Кыргыз оппозициясы жана анын артында турган масса Акаевди бийликти менчиктеп, үй-бүлөлүк башкарууну орнотуп, мамлекетке кыянатчылык кылды деп күнөөлөгөн. Тынымсыз Конституциялык реформалар (беш жолку), референдумдар (эки жолку) жана алар аркылуу бийлигинин бекемделип жүрүп отурушу буга негиз болуп берген.

Жубайы Майрам Акаеванын мамлекеттик ишмерлер арасында көмүскө таасиринин күчөшү, кызы Бермет, уулу Айдар баштаган жакын туугандары менен санаалаштарынын саясатка батыл аралаша башташы элде каршылык маанайды күчөткөн. Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл Ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери Орусияда баш калкалап келет. Ушул жылдын январь айында ага карата козголгон кылмыш иштери кыскарганы белгилүү болгон. Башкы прокуратура муну кылмыш иштеринин мөөнөтү өтүп кеткени менен түшүндүргөн. Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган. Мурдагы президент акыркы эки жылда көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке бир нече ирет келип кеткен.

Курманбек Бакиев - "Акаевдин каталарын кайталабайм" деген ант менен тактыга отурган Курманбек Бакиев эки жолу шайланган, бирок күч менен кулатылган экинчи президент. 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келген. Анын жылдары мамлекеттик башкарууну үй-бүлөлүк башкарууга айырбаштаган, кылмыш чөйрөсү менен коюн-колтук алышкан, Март ыңкылабынын жеңиштерин уурдаган, "кан төккөн президент" деген жаманатты менен элдин эсинде калды.

Апрель окуясында 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. Расмий Бишкек аны экстрадициялоо тууралуу бир нече ирет Минскиге кайрылып, андан майнап чыккан эмес. Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кан төгүлгөн окуяга байланыштуу коюлган.

Роза Отунбаева - Кыргызстандын үчүнчү президенти. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1992-жылы Роза Отунбаева Бишкекке кайтып, тышкы саясат боюнча вице-премьер-министр, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы биринчи элчиси болгон. 1994-97-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри, андан кийин Британияда элчи болгон. 2005-жылы Март революциясында оппозициянын алдында жүргөн. Парламент тышкы иштер министри кызматына өткөзбөй койгондон кийин социал-демократиялык партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2009-жылы Бакиевге каршы көтөрүлгөн оппозициялык күчтөрдүн башында туруп, 7-апрелде президент качып кеткенден кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеген.

Отунбаеванын Убактылуу өкмөтү жүздөгөн кишинин өмүрүн алган, миңдеген кишилерди жабыркаткан Ош, Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек коогалаңын, жеңилген саясий күчтөрдүн ачык жана көшөгө артындагы каршылыктарын башынан кечирген. Бир жыл өлкөнү башкарып, 2011-жылы 1-декабрда Баш мыйзамга ылайык президенттикти өткөрүп берген.

Алмазбек Атамбаев - Кыргызстандын төртүнчү президенти. Өзүнөн мурунку үч президент сыяктуу эле жогорку билимди Орусияда алган. Ага чейин эки жолу премьер-министр, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка 2010-жылкы кандуу Апрель, Июнь окуяларынын илеби кайтып, коомдук-саясий кырдаал салыштырмалуу турукташып калган кезде, 2011-жылдын аягында жаңы Конституциянын негизинде шайланып келди.

Президенттик жарыштарга үч ирет катышкан. Акаевдин, Бакиевдин заманында кыска мөөнөттөргө министр, премьер-министр кызматтарын аркалаган. 2017-жылы бийликти Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген. Инаугурацияда "Соке досум баштаган ишибизди аягына чыгарат" деп айткан.

2019-жылы "Батукаев иши" боюнча камалган. Ал ушул жылдын 14-февралында абактан бошотулуп, 15-февралда дарылануу үчүн Дубай аркылуу Испанияга учуп кеткен.

Сооронбай Жээнбеков - Кыргызстандын бешинчи президенти. 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган. КСДПнын башатында тургандардын бири. 1995-жылдан баштап Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, төрага орун басары, комитет төрагасы болгон. Апрель ыңкылабынан кийин Ош облусуна элдик губернатор болуп, андан кийин расмий дайындалган. 2015-жылдын декабрынан баштап​ беш ай ичинде үч кызмат которуп, өкмөт башчылыкка келген. Жээнбековдун үч жылдык башкаруусунда бийликке бажыдагы коррупция менен күрөшө албаганы үчүн бир катар сындар айтылган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин нааразылык акциясы өткөн.

Ал тополоң, бийлик алмаштыруу менен аяктап, Жээнбеков жаңы парламенттик шайлоо өткөрүп, андан кийин кете турганы кабарланган. Бирок көп өтпөй эле президенттик кызматын тапшырып, анын ордуна абактан чыккан Садыр Жапаров өлкөнү башкарып калган. Жээнбековдун тарапташтары учурда ал Бишкекте экенин айтып келишет.







Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


В Астрахани прошли мероприятия, посвящённые Дню Победы

Коломна

Футболисты ФК «Динамо Пушкино» заняли второе место в межрегиональном турнире Laffy Cup 2024

Осторожно ВПЧ! Доктор Кутушов рассказал от чего появляются папилломы на теле


Boeing passenger ‘DIES in horror turbulence’ on flight from London sparking emergency landing in latest airline tragedy

Gunmen open fire and kill 4 people, including 3 foreigners, in Afghanistan's central Bamyan province

Precision in Motion: Exploring Baltic Bearing Company-Riga

UFC plans to be ‘flexible’ in next broadcast rights deal, including potential end to traditional PPV


Черёмуховая сказка Холмогорья

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

Новые наушники Nothing Ear и Ear (a) уже доступны


Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Estischool - Школа за британською програмою


Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования

МегаФон расширяет продажи в 10 регионах России

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице


В Московской области сотрудниками Росгвардии задержан подозреваемый в краже из магазина

Песков: Путин примет участие в заседании наблюдательного совета АСИ

Кремль: Путин 23 мая проведет переговоры с королем Бахрейна в Москве

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Индексы базовых отраслей экономики Ступина выросли в первом квартале 2024 г

Ветеран Сергей Бугров из Солнечногорска отпраздновал 101-летие

Вопрос безопасности: как в России никого не ущемляя запретить никабы

Незаконную реконструкцию здания пресекли в Хорошевском районе столицы


Сумасшедший матч «Реала», Медведев опустился в рейтинге ATP. Главное к утру

Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP

Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге


Индексы базовых отраслей экономики Ступина выросли в первом квартале 2024 г

«Россети Московский регион» оштрафовали за нарушение в Ленинском округе

Врач назвала россиянам самые опасные алкогольные коктейли

Жителям Подмосковья напомнили, как оформить льготную путевку в лагерь онлайн


Музыкальные новости

Певица Наташа Королева вышла на сцену в Пятигорске после скандала на телевидении

Сергей Шнуров пристыдил Киркорова из-за "Евровидения": "Тебе велели проклинать!"

«Забыл, сколько мне лет», «хавчик», «на чилле» и другие великие мемы от Джигана

Певец Лоза заявил, что Джикия является настоящим капитаном


«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

МегаФон расширяет продажи в 10 регионах России


Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Активиста Булатова оштрафовали на 50 тысяч рублей за дискредитацию армии

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве


В Воскресенске сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в умышленном повреждении чужого автомобиля

Источник 360.ru: на Ленинградском шоссе в САО Москвы случилось ДТП с 8 машинами

Полиция начала поиск скрывшихся участников массовой драки на юге Москвы

Работу наземного транспорта в семи округах Москвы скорректируют 23 и 25 мая


Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения

В Бахрейне назвали цель официального визита короля в Россию

Король Бахрейна прибудет 22 мая с визитом в Москву

Король Бахрейна летит в Москву на переговоры с Путиным


Немоляева находится в тяжёлом состоянии под наблюдением врачей

Шизофрения и болезнь Альцгеймера: симптомом какой болезни может стать потеря обоняния

Заболеваемость COVID-19 в России выросла почти на 14,7 процента за неделю



Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах

Россияне рассказали, какие вредные привычки коллег раздражают их больше всего

В Москве завершился Всероссийский форум «Здоровье нации – основа процветания России».

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице


Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»


Сотрудница ОМОН "Оплот" приняла участие в костромском забеге «Галичское Заозерье»

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве

«Шушумагия» и «Команда МАТЧ» – в топ-25 мультсериалов на «Кинопоиске»

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»


Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана


Собянин рассказал о Международном форуме инноваций БРИКС

Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей

Сергей Собянин принял решение о расширении мер поддержки промпредприятий

Сергей Собянин. Главное за день


Собянин рассказал о развитии инновационной экосистемы Москвы

Сергей Собянин. Главное за день

Якутия представила цветочную инсталляцию «Мост в будущее» на выставке «Россия» в Москве

АО «Транснефть – Дружба» провело экологические акции


Картаполов через Life.ru дал США новый повод для страха на фоне паники из-за "убийцы спутников"

Спикер Симонян: до авиакатастрофы Ереван и Иран готовили визит Раиси в Армению

Врач назвала россиянам самые опасные алкогольные коктейли

Незаконную реконструкцию здания пресекли в Хорошевском районе столицы


Общее дело: в новом сезоне волонтеры продолжат работу по сохранению объектов культурного наследия в Архангельской области

Архангельск впервые принял Всероссийские соревнования по танцевальному спорту

«Северная красота» пусков Плесецка

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G


Премию Фета получил поэт из Югры

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

Литературный монолог «По праву памяти», к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова, советского и российского писателя.

Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ


В Подмосковье в апреле ввели в эксплуатацию 8 многоквартирных домов

«Россети Московский регион» оштрафовали за нарушение в Ленинском округе

Врач назвала россиянам самые опасные алкогольные коктейли

Индексы базовых отраслей экономики Ступина выросли в первом квартале 2024 г














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *