Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Депутат Бекешев Дубайдагы жолугушуу тууралуу пикирин билдирди

0
Депутат Бекешев Дубайдагы жолугушуу тууралуу пикирин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун экс-президенттер менен жолугушуусу тууралуу Телеграмдагы каналына пикирин жарыялады.

“Мында биринчи кезекте 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун жакындары пикирин айтышы керек. Жеке мен мындай реабилитацияга таптакыр каршымын. Бул жолугушууда Бакиевдерди кайтаруу тууралуу сөз болбоду деп үмүт кылам. Азыр кеп улутташтырылган мүлктөрдү кайтарышабы дегенде турат”, – деди Дастан Бекешев.

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы беш президенттин баарынын башын бириктирип, бир столго чогултканын жарыялаган. Бул иш эл-жердин ынтымагы үчүн жасалганын жана демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары да колдогонун белгилеген.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары жолугушуу Дубайда өткөнүн билдиришти.

Социалдык тармактарда азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусун коомдук ишмер, саясатчылар кызуу талкуулап жатышат. Алардын айрымдары жолугушууну колдосо, кээ бири сындап жатат.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бардык тараптардын кемчилиги менен жакшы жактары дагы болгонун айтып, социалдык тармактардагы талаш-тартыштарды токтотууга чакырган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жолугушууда мурдагы президенттерди жоопкерчиликтен бошотуу жана өлкөгө кайтаруу жөнүндө сөз болбогонун билдирди.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев мурдагы президенттер чогулганы тууралуу алдын ала кабары болбогонун, “өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу - эки башка нерсе” деген билдирүү тараткан. Андан кийин Аскар Акаев дагы билдирүү жасап, мурдагы президенттердин жолугушуусун тарыхый окуя катары сыпаттаган, муну мамлекеттүүлүктү бекемдей турган аракет катары мүнөздөгөн.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат. Азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдон мурда Кыргызстанды Аскар Акаев (1991 - 2005), Курманбек Бакиев (2005- 2010), Роза Отунбаева (2010 - 2011), Алмазбек Атамбаев (2011 - 2017), Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) жетектеген.

Курманбек Бакиев 2010-жылы Апрель окуясында 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. Расмий Бишкек аны экстрадициялоо тууралуу бир нече ирет Минскиге кайрылып, андан майнап чыккан эмес. Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кан төгүлгөн окуяга байланыштуу коюлган. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *