Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Министрлик дыйкандар үчүн арзан дизел сатыла баштаганын жарыялады

0
Министрлик дыйкандар үчүн арзан дизел сатыла баштаганын жарыялады

Кыргызстанда жазгы талаа жумуштары үчүн дыйкандарга 3 миллион литр дизель базар баасынан арзан – 65 сомдон сатыла баштаганын Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, дизелди Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Red Petroleum компаниясы менен келишим түзүп сатып алган. Ал район-райондорго квота менен бөлүштүрүлүп берилген. Айыл чарба министрлиги дыйкандарды арзан дизелди сатып алуу үчүн айыл өкмөттөргө кайрылууга чакырды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, ушул күндөрү Кыргызстанда дизелдин базар баасы 74-75 сом болуп жатат.

Кыргызстанда жазгы талаа иштерине жалпы 42,1 миң тонна күйүүчү-май керектелет. Министрлик кабарлагандай учурда мунай базаларында жана автомай куючу жайларда 25 миң тонна дизель, 20 миң тонна автобензин бар.

Өкмөт арзаныраак таратып жаткан 3 миллион литр дизель 2,5 миң тонна. Жазгы талаа жумуштарына керектелчү көлөмдүн 7,2% түзөт. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *