Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Сот "Азаттыктын" иши тууралуу ИИМди маалымат берүүгө милдеттендирди

0
Сот

Бишкектин Биринчи май райондук соту банк эсептерин бөгөттөөгө негиз болгон кылмыш ишинин материалдарын "Азаттыкка" берүүгө Ички иштер министрлигин милдеттендирди.

Мындай чечимди 21-февралдагы жараянда ишти караган судья Тилек Турдукулов чыгарды. Ага ылайык, "Азаттык" үналгысынын "Демирбанктагы" банк эсептерин камакка алууга негиз болгон кылмыш иши тууралуу маалыматтарды радиого берүүдөн баш тарткан ИИМдин тергөөчүсү Улан Жапековдун аракетинде "мыйзам бузуу бар" деп табылды. Иш менен "Азаттыктын" адвокаттарынын таанышуусуна уруксат берилди.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катышы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин жарыялаган. Былтыр декабрда Финчалгын кызматы атайын текшерүүдөн кийин буга чейинки шектенүүлөр аныкталбай, "Азаттыктын" "Кылмыштуу кирешени адалдоого шек саналгандардын тизмесинен" чыгарылганын расмий жарыялаган.

Буга карабай "Азаттыктын" банк эсептери ачылбай келет. Бул Ички иштер министрлиги тергеп жаткан кылмыш ишке байланыштуу экенин расмий органдар кабарлаган. Аталган кылмыш иши, андагы "Азаттыктын" юридикалык статусу боюнча эч кандай маалымат берилген эмес. "Азаттыктын" адвокаттары ишти тергеп жаткан тергөөчү Улан Жапековго бир нече жолу кайрылганда, ал кылмыш ишинде "купуялуулук грифи" бар деген негизде документтерди берүүдөн баш тарткан.

Ушуга байланыштуу "Азаттыктын" адвокаттары сотко кайрылып, тергөөчүнүн аракетин мыйзамсыз деп табууну өтүнгөн. Сот 21-февралдагы отурумда адвокаттын ушул өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды.

Азыр "Азаттыктын" сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иши уланып жатат. Бишкектин административдик соту "Азаттык Медианын” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызын кароону 2-мартта улантууну чечти.

"Азаттыктын" банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келишет. (BkA)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *