Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Пакистан-Ооганстан чек арасында жүк ташыган машинелер топтолуп калды

0
Пакистан-Ооганстан чек арасында жүк ташыган машинелер топтолуп калды

Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы негизги өткөөл үч күндөн бери жабык тургандыктан чоң тыгындар пайда болду. Товар ташыган миңдеген машине узун кезекте турат. Тараптар маселени жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, "Талибандын" бийлиги Торхам пунктун жекшембиде жаап койгон. Эки өлкөнүн биргелешкен Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Зия-уль-Хак Сархади соодагерлер чоң чыгымга учурап жатканын, учурда 6 миңдей жүк ташуучу унаа чек арада топтолуп калганын белгиледи. Айрым машинелер чакан бекетке жөнөтүлгөнүн, бирок ал жерде коопсуздук камсыздалбаганын кошумчалады. Сархадинин айтымында, Ооганстан Пакистандан келген товарларга муктаж, айрым жүк Борбор Азияга багытталган.

Талибдер өткөөлдү эмне себептен жапканы белгисиз. Кыймылдын жергиликтүү расмий адамдарынын бири Пакистан транзит унаага, жүргүне үлөргө, дарыланууга бараткан кишилерди өткөрүүгө уруксат бербей койгонун Reuters агенттигине айтып берген. Исламабад өкмөтү маселени расмий комментарийлеген жок жана аларга өткөөлдү жабуу тууралуу алдын ала айтылбаганын билдирди.

Узундугу 2 миң 600 чакырымды түзгөн чек ара тилкесинин айланасындагы талаш ондогон жылдан бери уланып келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *