Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Баткен: чек арачы капыстан атылган октон кайтыш болгонун УКМК билдирди

0
Баткен: чек арачы капыстан атылган октон кайтыш болгонун УКМК  билдирди

21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз бөлүмү ырастагандай, баштапкы маалыматтарда З.Ж. аттуу аскер кызматкери АК-74 автоматын этиятсыздык менен колдонуп жатып, капыстан ок чыгарып алган. Ок У.Б аттуу башка бир чек арачынын моюнуна тийген.

Жаракат алган кишиге шашылыш түрдө медициналык биринчи жардам көрсөтүлүп, Баткен шаардык ооруканасына алып келинген. Ал алган жарааттан өзүнө келбей каза болгон.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, бул факт боюнча тиешелүү органдарга кабар берилди. Аскердик прокуратуранын Баткен гарнизонунун өкүлдөрү окуя болгон жерге жөнөп кетишти. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *