Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Бишкекте котормо китептердин сапаты талкууланды

0
Бишкекте котормо китептердин сапаты талкууланды

Бүгүн, 21-февралда Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде “Азыркы күндөгү көркөм котормонун абалы” аттуу иш-чара өттү.

Анда ушул тапта жарык көрүп жаткан котормо китептеринин абалы,  көркөм котормонун сапаты, келечеги жана дүйнөлүк адабияттын тенденциялары талкууланды. 

Соңку жылдары америкалык жазуучулардын ондон ашык романдары, Герман Гессе сыяктуу немис жазуучуларынын чыгармалары кыргызчага которулду. Калганы көбүнчө орус тилинен кыргыз тилине оодарылып жатат.

Талкууну эл аралык эне тил күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзу, “Бугу пресс” басма үйү, Арабаев атындагы окуу жайдын Мамлекеттик тил жана маданият институту биргеликте уюштурган. (MZh\ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *