Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

БУУнун баяндамачысы бийлик Болот Темиров боюнча кайрылуусуна жооп бербегенин жазды

0
БУУнун баяндамачысы бийлик Болот Темиров боюнча кайрылуусуна жооп бербегенин жазды

Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулар боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандын аймагынан чыгарылышына тынчсызданып 19-декабрда бийликке кайрылганын, бирок жооп болбогонун  Твиттерге жазды.

Кайрылуунун толук тексти уюмдун укук коргоочулар боюнча атайын баяндамачысынын расмий сайтына жарыяланды.

Анда укук коргоочулар "Болот Темировдун кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жарандыгынан ажыратылышы жана Кыргызстандын аймагынан депортацияланышы анын коррупцияга каршы ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу экенине тынчсыздануусун" билдирген. Ошондой эле сөз эркиндигине каршы, анын Кыргызстанда иштешине жол бербөө аракети болуп жатканы айтылган. Темиров боюнча соттук иштер тизмектелип, көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын күч органдары журналист Орусиянын жараны экенин маалымдап, ал кыргыз паспортун мыйзамсыз алган деген айып таккан. Ишти караган Бишкек шаардык соту былтыр, 23-ноябрда аны өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Темиров ошол эле күнү Бишкек – Москва каттамы аркылуу күчтөп Орусияга чыгарылган. 

Ал өзүнө коюлган айып негизсиз экенин айтып,  окуяларды журналисттик ишмердигине байланыштырган. Орусияга баргандан кийин биринчи жолу Фейсбуктагы баракчасына 2-февралда билдирүү жазып, өзү түптөгөн Темиров LIVE жана "Айт Айт Десе" командасы ишин уланта берерин жарыялады. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *