Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

ИИМ: Былтыр Кыргызстанда жер басып алуу боюнча 168 факт катталды

0
ИИМ: Былтыр Кыргызстанда жер басып алуу боюнча 168 факт катталды

Кыргызстанда 2022-жылы жер басып алууга байланышкан 168 факт катталды. Бул тууралуу 22-февралда Жогорку Кеңеште жер боюнча мыйзам бузгандарды жазалоо сунушу талкууланып жатканда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов билдирди. Анын айтымында, ар бир факт боюнча тергөө уланууда.

Юстиция министрлиги депутаттарга “Кылмыш-жаза кодексин” жана “Укук бузуулар жөнүндө кодексти” өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап, ал биринчи окууда кабыл алынды. Эгер сунуш колдоо таап, мыйзам кабыл алынса айыл чарба багытындагы жерди үй салууга ылайыктуу категорияга өткөргөндөр жана башка ушул сыяктуу кылмыш жасагандар 7-10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы жер мунапысы тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык ушу тапта 2021-жылдын 1-декабрына чейин мыйзамсыз тилкеге там салып алгандардын жери мыйзамдаштырылууда. Бийлик ушуну менен жер мунапысы аяктарын, андан кийин бул сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбей турганын, күнөөлүүлөр жазага тартыларын айтууда.

Депутат Алишер Козуевдин айтымында, 30 жыл аралыгында Кыргызстанда 110 миң киши жер басып алган. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *