Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Москвадагы жапырт мушташка аралашкан эки кыргызстандык жоопко тартылды

0
Москвадагы жапырт мушташка аралашкан эки кыргызстандык жоопко тартылды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аймактык полиция бөлүмүнүн маалыматына таянып, жапырт мушташка катышкан эки кыргызстандык административдик жазага тартылганын маалымдады.

19-февралда Москва шаарындагы Люблинская көчөсүндөгү кафелердин биринде массалык мушташ чыгып, полиция 15 кишини кармаганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Жапырт мушташка Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары катышканы айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *