Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Район, шаар башчыларынын кызматтык автоунаалары жаңыланды

0
Район, шаар башчыларынын кызматтык автоунаалары жаңыланды

“Chevrolet Captiva” үлгүсүндөгү автоунаа Кыргызстандын бардык район, шаар башчыларына тапшырылууда. 25-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы иш сапары учурунда облустун Кадамжай районунун акимине, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарларынын башчыларына жаңы кызматтык унаа тапшырды. Лейлек жана Баткен райондорунун акимдерине кошумча машине берилерин айтты.

“Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасын эсиңиздерге салам. Милдетиңиздерди так аткарып, уят кылбай иштеп бериңиздер. Ошондой эле кызматтык унааларга GPS системасы орнотулду, көзөмөлдө болот. Өзгөчө статусу болгон Кадамжай району, Сүлүктү, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарлары үчүн унааларды өзүм тапшырып жатам, ал эми башка аймактардагы жетекчилерге дагы берилүүдө”, - деди Акылбек Жапаров.

25-февраль күнү жаңы автоунаалар Жалал-Абад облусундагы район, шаар башчыларына да берилгенин президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандагы райондордун, шаарлардын жана алыскы аймактардын жетекчилери үчүн чет элдик “Chevrolet Captiva” үлгүсүндөгү 90 унаа сатылып алынган. Ага канча акча сарпталганы тууралуу маалымат жок. (ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *