Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

АКШнын Энергетика министрлиги COVID-19 лабораториядан тарашы ыктымал деп эсептейт

0
АКШнын Энергетика министрлиги COVID-19 лабораториядан тарашы ыктымал деп эсептейт

АКШнын Энергетика министрлиги COVID-19 пандемиясы кытайлык лабораториядан келип чыккан деген жыйынтык жасады. Бул тууралуу америкалык чалгынчылардын жашыруун документинен кабары бар булак маалымдаганын The Wall Street Journal гезити жазды.

Басылма коронавирус лабораториядан жайылганы тууралуу версияны буга чейин АКШнын Федералдык иликтөө бюросу да айтып келгенин, бирок башка мекемелер ал шектенүүнү бөлүшпөгөнүн эске салат. Маалыматка караганда, Энергетика министрлигинин "чынында эле ошондой болгон деген ишеними төмөн".

Америкалык чалгынчылар вирус жаныбардан тараган, Кытай аны биологиялык курал катары колдонууну көздөгөн эмес деген пикирде. Баяндаманын авторлору Ухандагы вирусология институтунун кызматкерлери инфекциянын жайылганынан кабардар болгон эмес деп эсептешет.

Вирустун пайда болушун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да изилдеген. Бирок Кытайдан маалымат чогултуу кыйындаганда ал иш токтогон.

Коронавирустун алгачкы учуру 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында аныкталган. 2020-жылдын 11-мартында ДССУ аны пандемия деп жарыялаган. Уюмдун кызматкерлери 2021-жылы Ухандагы лабораторияга барып кеткенден кийин вирус ал жактан тарады деген ыктымалдык аз экенин билдиришкен. Бирок сынга кабылган уюм инфекция лабораториядан келип чыккан деген версияны жокко чыгаруу эрте экенин моюнга алган.

Кытай өз кезегинде андай божомолдорго "негиз жоктугун" айтып, АКШ дагы коронавирусту изилдегенин, вирус ошол жактан жайылганын айтып келди.

COVID-19га 700 миллионго жакын киши кабылып, көз жумгандар 7 миллионго чукулдады.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *