Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Президент Жапаров күч органдарынын кызматкерлери үй менен толук камсыз болорун айтты

0
Президент Жапаров күч органдарынын кызматкерлери үй менен толук камсыз болорун айтты

Президент Садыр Жапаров  алдыдагы үч жылда милиция, прокуратура, УКМК жана Чек ара кызматынын бардык кызматкерлери үчүн ипотекалык үйлөр куруларын билдирди. 

"Ички иштер министрлигинде, прокуратура, УКМКда иштеген бир да адамдын үйү жок болбойт. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу биз 20-25 жылга турак жай беребиз. Катардагы ар бир кызматкердин үй алганга эми айлыгы жетет. Быйыл 15 миңдей батир курулуп бүтөт жыл аяктаганга чейин. Эмки жылы, андан кийинки жылы да куруп, 50-60 миң адамды батир менен камсыз кылабыз", - деди Жапаров 25-февралда милиция, бажы жана прокуратура органдарынын айрым жетекчилерине жогорку наамдарды тапшырган учурда.

Мамлекет башчысынын жарлыгы менен бул күнү башкы прокурордун орун басарлары Сагындык Мукашов менен Кубан Адыл уулуна "юстициянын генерал-майору", Баткен облустук милиция башчысы Мурат Бороновго, ИИМдин академиясынын жетекчиси Тариел Абитовго "милициянын генерал-майору", Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековго "Бажы кызматынын генерал-майору" наамы ыйгарылган.

2022-жылы август айында Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлерине Бишкектен батирлердин ачкычын тапшырган. 1,5 жылдын ичинде курулган үйгө 306 үй-бүлө көчүп кирген. Сентябрда Жалал-Абадда чек ара кызматкерлерине 36 батир берилген.

Президенттин басма сөз кызматы Эрбол Султанбаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү жаңы микрорайон куруларын жазып, ал Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилерин билдирген. Бирок экологиялык активисттер колониянын ордуна парк куруу сунушу менен өкмөткө кайрылган.

Коомчулукта Кыргызстанда мамлекеттин эсебинен курулган батирлер көбүнчө айлыгы чектелүү мугалим, дарыгерлерге эмес, күч кызматкерлерине берилип жатат деген сын айтылып келет. (BCh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *