Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Финчалгын кызматына төрага болуп Канат Асангулов дайындалды

0
Финчалгын кызматына төрага болуп Канат Асангулов дайындалды

Мамлекеттик финансылык чалгын кызматынын төрагасы болуп Канат Асангулов дайындалды. Дайындоо тууралуу Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 27-февралда кабарлады.

Интернеттеги ачык булактардагы маалымат боюнча, 55 жаштагы Асангулов 2007-2010-жылдары экономика, каржы министрликтеринде, Социалдык фонддо жетекчинин орун басары кызматтарын ээлеген.

2009-жылы түзүлүп, кийин жоюлган Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикте (ЦАРИИ) бюджеттик кызматтын жетекчиси болгон.

Асангулов Финчалгын кызматын туура эки жыл башкарган Канатбек Тургунбековдун ордуна барды. Тургунбеков бүгүн Мирлан Бакировдун ордуна Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болуп дайындалды. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *