Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Кемпир-Абад иши: Адвокат камактагы Журабаеванын абалы начарлаганын билдирди

0

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын ден соолугу начарлап кеткендиктен аны ооруканага жаткыруу зарыл болуп жатканын бүгүн 27-февралда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Жактоочунун айтымында, абактагы шарттар Журабаеванын абалына терс таасир тийгизгендиктен анын өнөкөт оорулары козголууда.  

«Кылмыш кылбаган, анын үстүнө ушул куракка келип калган адамды камакта кармоо акылга сыйбаган иш», - деген юрист бүгүн 64 жаштагы Журабаева менен Кыйноого каршы улуттук борбордун өкүлдөрү жолугуп чыкканын кошумчалады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Алардын айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган же ооруканага жатууга уруксат алган. 

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *