Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Кытайлык адистер Өзбекстанга жакырчылыкты кыскартууга жардам берет

0
Кытайлык адистер Өзбекстанга жакырчылыкты кыскартууга жардам берет

Кытайлык адистер Өзбекстандын Эмгек жана жакырчылыкты кыскартуу министрлигинде кеңешчи болуп иштейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

"Кытай жакырчылыкты жеңгенин жарыялаган биринчи өлкө. Эки мамлекеттин тез өнүккөн өнөктөштүгү Кытайдын тиешелүү тажрыйбасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматка караганда, кытайлык кеңешчилер менен кездешүүдө кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Адистер адегенде аймактарды кыдырып, жеринде абал менен таанышып чыкмакчы. Анын негизинде жакырчылыктын финансылык жана башка критерийлери аныкталат, тиешелүү долбоорлор түзүлөт.

2021-жылдын октябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кытайдын лидери Си Цзинпин менен телефондон сүйлөшкөндө тараптар жакырчылыкты кыскартуу чөйрөсүндө тажрыйба менен бөлүшүүнү макулдашкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *