Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Президент Жапаров мамлекет менен муфтиятты эриш-аркак иштешүүгө чакырды

0
Президент Жапаров мамлекет менен муфтиятты эриш-аркак иштешүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекет динге кийлигишпейт, бирок муфтият мусулман динин кармангандардын бир багытта болушуна көз салышы керек деген пикирин 27-февралда өлкөнүн муфтийи Замир Ракиев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров менен жолукканда айтты:

“Мамлекет динге эч кандай кийлигишпейт. Бизде дин тутуу эркин. Бирок бири-бирибиз менен эриш-аркак, тыгыз байланышта иштешибиз керек. Анткени диний агымдар көп бизде. 16-17 агым менен жүрөбүз. Бир мамлекетте жашаган мусулман болгондон кийин бир эле агым менен муфтияттын саясатын колдоп, ошол багыт менен кетишибиз керек. Муну сиздер колго алышыңар зарыл. Туура эмес багытта, туура эмес агымга кирип бараткандарды алдын алып, бир нукка салып берсеңер жакшы болот эле. Буга өзүңөрдүн билимиңер, илимиңер жетиштүү. Мамлекеттен кандай жардам керек болсо сурагыла, беребиз, шарт түзүп беребиз”.

Президент Жапаров дин кызматкерлерине бир үлгүдөгү кийим кийгизүү тууралуу былтыр демилге көтөрүлгөнүн, аны улантуу зарылдыгын кошумчалады.

Муфтий Ракиев ажылык сапар тийиштүү деңгээлде даярдалып жатканын, уюштуруу боюнча республикалык штабга түрдүү мекемелердин отуздай өкүлү киргенин айтты.

Дин комиссиясынын жетекчиси Абдыкаров ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын мүчөлөрү мурда 100 кишиге чейин жеткен учурлар болгонун, ащыр ал кескин кыскарганына токтолду. “Былтыр 14 киши менен барып, элдин акчасына барган ашыкча кишилерди токтоконбуз” деп кошумчалады.

Быйыл ажылык сапар июнь айынын соңунда башталат. Сауд Арабия Кыргызстанга 6110 орун берди. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *