Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

"Кемпир-Абад" иши: Чыңгыз Капаров ооруканадан чыкты

0

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып, кийин үй камагына чыгарылган активист Чыңгыз Капаров ооруканадан дарыланып чыкканын 30-апрелде билдирди.

“Ооруканадан дарыланып, жакшы болуп чыктым. Бизди колдогон, мамлекеттин келечегине кайдыгер эмес мекендештерибизге жана жеке менин тарапташтарыма, санаалаштарыма чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем!” - деп жазды ал “Фейсбуктагы” баракчасына.

Капаров абакта отурганда камакка алынышына каршы протест катары ачкачылык жарыялаган, кийин ден соолугуна байланыштуу бул акциясын токтоткон.

Үй камагына быйыл 12-апрелде чыгарылып, ооруканага жаткырылган.

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” 16-мартта өлкө жетекчилигине кайрылып, абакта жаткан мүчөлөрүнүн көбү медициналык жардамга муктаж экенин, алардын арасында Капаровго тез арада операция жасоо керектигин билдиришкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр күзүндө кармалып, Бишкетин тергөө абагына камалган. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Президент Садыр Жапаров “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо.

Камалгандардын айрымдары кийин үй камагына чыгарылган. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *