Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Милиция Таласта мал базарда уурулук үчүн устунга тушалган адам боюнча маалымат берди

0

Таласта уурулукка шектүү адам кармалганын, аны тушап, өз алдынча жазалоо аракетин көргөн адамдарга да укуктук баа берүү боюнча иш жүрүп жатканын 30-апрелде “Азаттыкка” облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Анын айтымында, бүгүн мал базарда акчасын алдырып койгон эки адамдан арыз түшкөн, алардын бири – Бакайыр айылынын тургуну 60 миң сомун, экинчиси – Чолпонбай айылынын тургуну 6 миң сомун уурдатканын айтып даттанышкан.

Сарногоева уурулукка шектүү адам Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылынын 34 жаштагы тургуну экенин, анын жанынан 35 миң сомдой акча табылганын айтууда:

“Азырынча текшерүү иштери жүрүүдө. Шектүү тергөөдө сурак берип, иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Иш кандай берене менен козголду, кандай санкция берилет, кошумча маалымат айтабыз дагы. Шектүү кармалды. Ал райондук ички иштер бөлүмүндө”.

Окуя, милициянын маалыматына караганда, 30-апрелде Талас районуна ​ караштуу мал базарда болгон, “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деген кишини топтолгон адамдар электр зымы тартылган устунга колунан​ жана белинен​ жип менен байлап коюшкан.

“Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында ​аймактык ооруканага алынып барылып, саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилбегени аныкталды”, - деп билдирди милиция.

Видеону социалдык түйүндөр аркылуу бөлүшкөндөр “бирөөнүн чөнтөгүнөн 150 миң сом уурдап жаткан ууруну кармап алышты” деп жазышкан.

Кыргызстанда уурулукка шектүүлөрдү колунан кармап алып, өз алдынча жазалоо аракетин көрүп жаткандар тууралуу видеолор буга чейин да жарыяланган. Бирок укук коргоочулар бул мыйзамсыздык экенин, себеби Кыргызстан укуктук мамлекет болгондуктан мындай маселени милиция, прокуратура, сот чечиши керектигин айтып келишет.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын билдирген. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *