Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

"Кыргыз ажары – Баткен килеминде" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

0

Баткенде алгачкы ирет уюштурулган "Кыргыз ажары–Баткен килеминде" кароо-сынак фестивалынын жыйынтыгында Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунан 12 кол өнөрчү жеңүүчү деп аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, фестивалдын жыйынтыгы 28-апрелде чыгарылып, “Түктүү килем”, “Арабий килем”, “Таар килем” жана “Мурас килем” деген төрт номинациянын ар бири боюнча үчтөн байгелүү орун ыйгарылды.

Фестивалга республиканын бардык аймактарынан барган кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер катышты.

Сынакка 50дөн ашык кол өнөрчүнүн, айрыкча баткендик уздардын колунан жаралган килемдер коюлду. 

Жеңүүчүлөрго диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды. Ошондой эле мастер-класс көрсөткөндөргө акчалай сыйлыктар берилди.

Баткенде колго согулган килемдин ондон ашык түрүн даярдап, бир жылда жарым миллион сомго чейин киреше тапкандар бар.

Аймакта борборлоштурулган килем цехин уюштуруу демилгеси улам көтөрүлүп келгени менен ишке аша элек. (JsA)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *