Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жатат

0
Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жатат

Өзбекстанда бүгүн 30-апрелде өлкө Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өтүп жатат. Эртең мененки саат сегизде бардык аймактарда жалпысынан 11 миңге чукул добушкана ачылды, алар кечки сегизге чейин иштейт.

Шайлоочулардын бирдиктүү реестрине 19,7 миллион адам киргизилген.

Кабарчылардын маалыматына караганда, ар бир шайлоо бекетинде Баш мыйзамга өзгөртүүлөр эмне себептен киргизилип жатканы тууралуу суроо-жооптор камтылган атайын китепчелер жана башка маалыматтар таратылууда.

Эгер референдумга коюлуп жаткан суроолорду көпчүлүк колдосо, президент Шавкат Мирзиёевге бийликте дагы 17 жыл отурууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Конституцияны өзгөртүү демилгеси бул өлкөдө былтыр көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *