Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

AI: Иранда өлүм жазасына тартылгандардын саны үч эсе өстү

0
AI: Иранда өлүм жазасына тартылгандардын саны үч эсе өстү

Эл аралык мунапыс (Amnesty International) укук коргоо уюму Ирандын түрмөлөрү "өлүм талааларына" айланганын, ал эми маңзатка байланыштуу өлүм жазасына тартылгандар саны быйыл 2022-жылга салыштырмалуу үч эсе көбөйгөнүн билдирди.

Уюм муну "режим канчалык адамгерчиликсиз экенин ачыктаган абийирсиз көрсөткүч" деп атады.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм 2-июнда жарыялаган баяндамасында, Иран бийлиги жыл башынан бери "бир катар адилетсиз сот жараяндарынан кийин" маңзатка байланыштуу кылмыштарга айыпталып камалган кеминде 173 кишини дарга асканын жазган. Ошондой эле отчетто белгиленгендей, өлүм жазасына тартылгандардын 20% Ирандагы белужи улуттук азчылыгынын өкүлдөрү. Алар Иран калкынын болгону беш пайыздайын түзөт.

"Эл аралык укукту бузуу менен маңзатка байланыштуу кылмыштарга айыпталгандарды абийирсиз тездик менен өлүм жазасына тартышы Иран бийлигинин канчалык адамгерчиликсиз жана адам өмүрүн бир тыйынчалык көрбөстүгүн айгинелейт", - деди Эл аралык мунапыс уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча жетекчи орун басары Диана Эльтахави.

Уюмдун маалыматына караганда, 2023-жылы жалпысынан 282 адам өлүм жазасына тартылган. Баяндамада эгер бийлик ушундай дарга асууну уланта берсе, жыл соңуна чейин камактагы миңдей адамды жок кылышы ыктымал экени эскертилген.

Amnesty International билдиргендей, 2022-жылы Иран адамдарды өлүм жазасына тартуу боюнча Кытайдан кийинки эле экинчи орунга чыккан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *