"Чет элдик өкүл": Бишкектеги акция, авторлуктан баш тарткан депутаттар
“Чет өлкөлүк өкүл” деген макам камтылган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору парламенттеги тармактык комитетинин 27-июндагы отурумунда күн тартибинен алынды. Буга мыйзам долбооруна демилгечи болгон айрым депутаттардын авторлуктан баш тартканы себеп болду. Ар тармактарда иш алып барган активдүү жарандар “чет өлкөлүк өкүл” аталып калышы ыктымал экени айтылган "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоорунун айласында окуялар өнүгүп, талаш-талкуу күчөдү. Ак үй алдындагы акция "Бир дүйнө... Читать дальше...