Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Новости за 02.06.2023

Шарль Мишель: Евробиримдик үчүн сөз эркиндиги маанилүү

Azattyk.org 

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Чолпон-Атадагы “Евробиримдик-Борбор Азия” саммитинен кийинки маалымат жыйынында расмий Брюссель үчүн адам укуктары жана басма сөз эркиндиги маанилүү экенин белгиледи. Ал бул тууралуу “Азаттык” радиосунун кабарчысынын “Сиз Борбор Азия лидерлери менен жолугушууда чөлкөмдөгү адам укуктарына байланыштуу маселелерди көтөрдүңүзбү?” деген суроосуна жооп берип жатып айтты. “Европа Биримдиги сөз эркиндигин жогору баалары айныксыз жана эч кимге жашыруун эмес. Адам укуктары өтө орчундуу маселе. Читать дальше...

Күрөш: Эл аралык мелдеште Жуманазарова менен Назарбаев коло медал утту

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште кыргызстандыктар Мээрим Жуманазарова менен Бексултан Назарбаев коло медал утушту. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова 3-орун үчүн беттеште канадалык Оливия Граце Ди Баккону (2:1) жеңип алды. Спортчу беттештерин 1/4 финалдан баштаган. Алгач Казакстандык Елена Шалыгинаны 1:1 эсебинде жеңген. Жарым финалда монголиялык Делгерма Енхсайханга жеңилген эле (1:2). Читать дальше...

Косоводо жергиликтүү сербдер демонстрацияга чыгышты

Azattyk.org 

2-июнда Косовонун түндүгүндөгү бир нече шаарда жергиликтүү сербдер кайрадан шаардык мэриялардын алдына демонстрацияга чыгышты. Алар төрт шаардын калаа башчылыгына албан тектүү мэрлердин дайындалышына каршылыгын билдирүүдө.  Косово менен Сербиянын президенттери 1-июнда кечинде телефондон сүйлөшүп, кырдаалды жайгаруунун чараларын талкуулашкан. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өз булактары билдиргендей,  кийинки аптада Белград менен Приштинага Евробиримдиктин жана Кошмо Штаттардын атайын өкүлдөрү барат. Читать дальше...

ИИМ: Чүйдө ымыркайын сатууга аракет кылган аял кармалды

Azattyk.org 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда "iPhone 12 Pro үлгүсүндөгү телефонго жана накталай акчага боюндагы баласын сатууга аракет кылган келин кармалганын" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө С.З. аттуу аял боюндагы баласын сатууга ниеттенүүдө” деген маалымат келип түшкөн. Милиция аталган фактыны каттап, Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинде (балдарды сатуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Читать дальше...

Иранда студенттин өлүмүнөн улам акцияга чыккандарга ок атылды

Azattyk.org 

Ирандын батышындагы Абданан шаарында 21 жаштагы студенттин өлүмүнө байланыштуу ондогон адамдар нааразылык акциясына чыгып, өкмөткө каршы ураандар айтылды. Социалдык тармактарга тараган  видеолордо демонстранттар жолдорду бөгөп, "Хаменеиге өлүм" (Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи), "Биз балдарды өлтүргөн өкмөттү каалабайбыз" деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот. Адам укуктарын коргоого багытталган Hengaw сайты маалымдагандай, каршылык акциясына чыккандарды күч органдары ок атып... Читать дальше...

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду поэзия кечесин өткөрүүдө

Azattyk.org 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен Бишкектеги “Ынтымак 2” паркында поэзия кечеси өтүп жатат. Анда үч акындын – Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Алтынбек Исмаилов, “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Улукбек Омокеев жана "Маданияттын мыкты кызматкери" Нуркыз Рыскул кызынын чыгармалары окулуп, обондуу ырлар жаңырууда. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын жеке демилгеси менен аталган фонд 2016-2020-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы улуттук... Читать дальше...

УКМКнын тергөө абагында жаткан Алимбаеванын абалы оорлоп, тез жардам чакырылды

Azattyk.org 

Абактагы оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун аялы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Салкынай Алимбаеванын абалы оорлоп, тез жардам чакырылды. Бул тууралуу Алимбаеванын адвокаты Гуляна Убалиева “Азаттыкка” билдирди. “Салкынай Алимбаеванын өтүндө ташы бар экен, ичегисинде жабышып калган жерлери бар экен. Түндө саат төрттө ошол оорулары приступ берип, эсин жоготуптур. Бүгүн кечке кусуп жатып, акырында кан түкүрүп калыптыр. Абактагылар алгач анча көңүл бурбай жатышкан экен... Читать дальше...

Президент Жапаров Европа менен кызматташууда темир жолдун маанисине токтолду

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Борбор Азиянын экономикасынын өсүшү аймактык транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалды өнүктүрүүгө байланыштуу экенин белгилеп, аймак үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун маанисине токтолду. Ал мындай пикирин "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитинде билдирди. “Бул мега долбоорду ишке ашыруу биздин аймакты транспорттук туюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирет. Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагына... Читать дальше...



Ютубдун миллионери D Billions баарыбызды англисче ырдатат

Azattyk.org 

YouTube каналында 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар D Billions чыгармачыл тобу Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата биринчи жолу Бишкекте жеке концертин өткөрдү. “Ала-Тоо” аянтына 30 миңден ашык көрүүчү келди. Чыгармачыл топ кийинки жылы дүйнөлүк турнеге чыгууну пландап жатышат.

Жаштар: депутаттар укугубузду чектебесин

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 23 жашка чейинки кыздарга жана аскерде кызмат өтөй элек балдарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну сунушташты. Бул сунуш коомдо талкуу жаратты. Эмне үчүн депутаттар жаштардын укугун чектегиси келет? Мындай сунуштар эмнеси менен кооптуу? “Азаттык+” программасынан көрүңүз.

Сенегалдагы толкундоодо тогуз киши каза болду

Azattyk.org 

Сенегалдагы толкундоолордо тогуз киши каза тапты. Бул тууралуу өлкө бийлиги билдирди. Өкмөт ошондой эле соңку күндөрдөгү башаламандыктарга байланыштуу социалдык тармактарга бөгөт койгон.  1-июнда баш калаа Дакарда демонстранттар полицияга таш ыргытып, көчөлөрдөгү автоунааларды өрттөп, жолдорду торошту. Тартип коргоочулар аларга каршы көздөн жаш чыгарчу газ колдонду. Толкундоолордун тутанышына оппозиция лидерине чыккан соттун өкүмү түрткү болду. Бейшембиде оппозиция лидери Усман Сонко эки жылга эркинен ажыратты. Читать дальше...

Кызыл-Кыядагы мектептен “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желеги табылды

Azattyk.org 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектептин аймагында бүтүрүүчүлөрдүн урматына арналган тактайчанын жанынан Кыргызстанда тыюу салынган “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желеги табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Мындан сырткары ушул эле мектептеги тосмонун дубалдарына “Сени кыйратканды жок кыл”, “Сенин камераң сага жардам бербейт”, “Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо” деген жазуулар калтырылганы такталган. УКМК менен... Читать дальше...

"Аялымды урбай калдым". Кызуу кандуу эркектерди жоошуткан борборлор

Azattyk.org 

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандар менен эле эмес, зомбулук жасаган адамдардын жүрүм-турумун, ой жүгүртүүсүн өзгөртүү боюнча атайын программа иштейт. "Чыр жок жерден чыгат турбайбы" Талас шаарынын тургуну, 34 жаштагы Ысак (аты өзгөртүлдү) жети жыл мурда үйлөнгөн. Төрт баланын атасы. Каарманыбыз акыркы жылдары жубайына көп кол көтөргөнүн, анын айынан ажыраша турган болгондо кризистик борбордун адистери үй-бүлөсүн сактап калганын айтып отурду. "Арзыбаган нерсе үчүн эле уруша берчү экенбиз. Читать дальше...

Абу-Дабиден Бишкекке ачылган түз каттам менен биринчи учак келди

Azattyk.org 

Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багыты боюнча Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын жаңы ачылган түз каттамы биринчи жолу Кыргызстандын борборуна учуп келди. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Аталган каттам менен жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) борборуна Кыргызстандын баш калаасынан түз уча алышат. “Манас” эл аралык аэропортунун аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев каттамдын салтанаттуу ачылышында белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарынын... Читать дальше...

Мектептерде мамлекеттик сынактар башталды

Azattyk.org 

Бүгүн 2-июнда Кыргызстанда 9-классты жана 11-классты аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы башталды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, алар беш сабактан экзамен тапшырышат – төртөө милдеттүү, бирөө тандоо боюнча болот. Милдеттүү түрдө тапшырыла турган сынактар математика, кыргыз жана орус тилдери, Кыргызстандын тарыхы сабактары боюнча. Экзамендер 9-класстар үчүн 19-июнда, ал эми 11-класстар үчүн 20-июнда аяктайт.  Андан соң бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшөт. Читать дальше...

Финансы министрлиги прокурорлор үчүн кенемтени кыскарткан мыйзам долбоорун сунуштады

Azattyk.org 

Финансы министрлиги “Прокуратура жөнүндө” конституциялык мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын тексти Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды. Документтин негиздемесинде ал президенттин тапшырмасы менен иштелип чыкканы көрсөтүлгөн. Анда укук коргоо органдарынын кызматкерлери милдеттерин аткарып жатып курман болгон же майыптык алган учурда алардын үй-бүлөлөрүнө бир жолу төлөнчү жөлөкпулдун суммасын кыскартуу каралган. Мунун максаты өлкөнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу экени негиздеме көрсөтүлөт. Читать дальше...

Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча британиялык ишкана менен меморандум токтотулду

Azattyk.org 

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча британиялык Minddock Limited DBA Enterprise Energy Investments компаниясы менен түзгөн меморандум токтотулду. Бул тууралу Энергетика министрлиги “Азаттыкка” билдирди. Мекеме чет өлкөлүк ишкана меморандумдун шарттарын аткарбаганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал компания курулуштун жол картасын, долбоорун сунушташы керек болчу. Март айында меморандум энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Minddock Limited DBA Enterprise Energy Investments компаниясынын директору Роберт Битхард кол койгон.

Жапаров менен Рахмон чек ара маселесин талкуулашты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен бүгүн 2-июнда Чолпон-Атада өткөн жолугушуусунда чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары жана келечеги, аймактык жана эл аралык маселелер талкууланганы кабарланды. “Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчылары акыркы жылдарда чек аранын долбоордук... Читать дальше...

"Группа 24" Орусияда тажик мигранттарын жапырт кармоону сынга алды

Azattyk.org 

Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" оппозициячыл кыймылы Орусияда тартип коргоо органдарынын тажик мигранттарына жасаган "адамгерчиликсиз" жана "катаал" мамилесин айыптады. Кыймылдын өкүлдөрү Дүйшөмбүнү бул боюнча "эч кандай чара көрбөгөнү" жана Москванын алдында бөйпөңдөгөнү үчүн сынга алышты. "Тажик бийлиги Путинден ушунчалык көз каранды болгондуктан, тынчсыздануу билдирип, иликтөөгө чакыргандан башка эч нерсе кыла албайт", - деп жазылган кыймылдын билдирүүсүндө. Алар ошондой эле Орусиядагы тажик мигранттарына кайрылып... Читать дальше...

AI: Иранда өлүм жазасына тартылгандардын саны үч эсе өстү

Azattyk.org 

Эл аралык мунапыс (Amnesty International) укук коргоо уюму Ирандын түрмөлөрү "өлүм талааларына" айланганын, ал эми маңзатка байланыштуу өлүм жазасына тартылгандар саны быйыл 2022-жылга салыштырмалуу үч эсе көбөйгөнүн билдирди. Уюм муну "режим канчалык адамгерчиликсиз экенин ачыктаган абийирсиз көрсөткүч" деп атады. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм 2-июнда жарыялаган баяндамасында, Иран бийлиги жыл башынан бери "бир катар адилетсиз сот жараяндарынан кийин" маңзатка байланыштуу кылмыштарга айыпталып... Читать дальше...

Ош: “Т” формасындагы жолдун каржы маселеси чечилгени маалымдалды

Azattyk.org 

Бишкек-Ош автожолунун Ош шаарына кире беришине курула турган жолдун каржылоо маселеси чечилгени бүгүн 2-июнда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын Оштогу көчмө жыйынында белгилүү болду. Жыйында айтылгандай, жолдун 660-чакырымынан башталган “Т” тилкесинин курулушуна 159 миллион сом каражат бөлүндү. Жакынкы күндөрү долбоор тендерге коюлуп, андан соң курулуш иштери башталат. Жаңы салына турган жолдун узундугу төрт чакырымдан артып, туурасы 14 метр болору көрсөтүлгөн. Жолду салыш... Читать дальше...

Кыргызстанга Өзбекстан, Тажикстандын президенттери келди

Azattyk.org 

Кыргызстанга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Эки лидерди “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов, Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел келген. 2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммити өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев... Читать дальше...

Туризм фондунун жетекчиси Калашникованын бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн 2-июнда «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун президенти Елена Калашникованын бөгөт чарасы боюнча маселени карап, аны камакта калтырды.  19-майда Биринчи Май райондук соту Калашникованы эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Шаардык сот ошол чечимди күчүндө калтырды. 18-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Калашникова жана фонддун вице-президенти камакка алынганын билдирген. Мекеме алар тергөөнүн... Читать дальше...

Ошто жол кырсыгынан үч өспүрүмдүн өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Ошто үч окуучу жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык милициядан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 2-июнга караган түнү Озгур айылында болгон. Кара-Суу районунун тургуну атасына таандык болгон «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автомашинаны уруксатыз үйдөн айдап чыккан. Озгур айылынын Тотоев көчөсү аркылуу бара жатып, жол бойлой шар аккан каналга түшүп кеткен. Каза болгондордун экөө 9-класстын, айдоочу бүтүрүүчү класстын окуучусу экени аныкталды. Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 7 миңдей жол кырсыгы катталып... Читать дальше...

Захарова: Кыргызстан орус тилин колдоо саясатын жүргүзөт деп ишенебиз

Azattyk.org 

Орусия Кыргызстан өлкөдөгү тил саясатын орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багыттап жүргүзөрүнө ишенгиси келет. Бул тууралуу 2-июнда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстандын парламенти мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырганы тууралуу суроого жооп берип жатып ал кыргызча билбегендер үчүн кыйынчылык жаратышы ыктымалдыгын айтты. “Бул мыйзам республиканын кыргыз тилин билбеген жарандарына айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *