Кара-Балтада кампадан чыккан өрт өчүрүлүп жатат
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Кара-Балта шаарында кампадан чыккан өрттөн эч ким жабыр тартпаганын билдирди. Мекеменини маалыматында, 3-июнда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын 1-май көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан. Алдын ала маалыматта, кампада сакталган аммиак селитрасы күйгөн. Тилсиз жоо саат 23:38де чектөөгө алынып, ушу тапта толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрт болжол менен 250 чарчы метрдей аянтка жайылган. Аммиак селитрасы - айыл чарбасында жер семирткич катары колдонулат. Читать дальше...