Ички аба каттамдар: Авиакомпаниялардын талабы жол кирени асмандатты
Кыргызстанда авиа компаниялардын талабынан улам Бишкектен Баткенге, Раззаковго аба каттамдарынын баасы көтөрүлүп кетти. Ички аба каттамдарынын жол киреси кымбат экени өткөн аптада парламентте көтөрүлгөн. "Билетти эрте алсаң деле кымбат төлөйсүң" Лейлек районунун тургуну Айзада Мурзалиева апасын Раззаков шаарынан Бишкекке жиберүү үчүн билетти эки апта мурун алган. Ал пенсионерлер үчүн мурда берилчү жеңилдиктин жокко чыкканын да байкаганын айтты. "15-июнь күнү апам Раззаковдон Бишкекке учту. Билетти эки апта мурда алганбыз. Читать дальше...