Аба ырайы: Ысык-Көлдө суунун температурасы 20 градус
29-июнда жалпы Кыргызстан боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33; Суусамырда түнкүсүн 1... 6, күндүз 17...22; Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус жылыйт. Читать дальше...