Кемпир-Абад иши сотко өттү, 16 кишинин абактагы мөөнөтү узарды
Дээрлик сегиз ай тергелген Кемпир-Абад иши сотко өттү. Бишкек шаардык соту бул иш боюнча алдын ала соттук угуу 22-июнда Биринчи Май райондук сотунда өтөрүн билдирди. 19-июнда Кемпир-Абад иши боюнча камалган 16 кишинин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узарганы белгилүү болгон. Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарганын, алдын ала угууда бир катар маселе караларын жактоочу Бакытбек Автандил уулу билдирди. “Мыйзамсыз топтолгон материалдарды иштен жок кылуу, кармалып тургандардын бөгөт чарасын өзгөртүү, ишти кыскартуу өтүнүчү келтирилет. Читать дальше...