Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Новости за 23.06.2023

Президент Жапаров Баткенде жабыркаган ишкерлердин насыясын жойгон мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган мыйзам менен Баткенде жабыркаган ишкерлерге бөлүнгөн 15 млн. сомдой насыясы кечирилет. Мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеп, Жогорку Кеңеш 24-майда кабыл алган. Буга чейин Финансы министрлиги 200 миң сомдон насыя 76 адамга берилгенин билдирген. Читать дальше...

Стамбулда "ИМ" радикал уюмунун канатын жетектеген тажикстандык кармалганы кабарланууда

Azattyk.org 

Стамбулда "Ислам Мамлекети-Хорасан" террордук тобунун бөлүм башчыларынын бири, Тажикстандын жараны Шамиль Хукуматов кармалганын 22-июнда түрк маалымат каражаттары жазышты. Кабарларга караганда, "Абу Мискин" деген ысым менен таанымал Хукуматов террордук топтун катарына жаңы согушкерлерди азгыруу жана акча чогултуу менен алектенип жүргөн. Түрк медиалары өз булактарына таянып жазгандай, тажик бийлиги "Абу Мискинди" камоого ордер жөнөтүшкөн. Ал мекенинде да бир катар айыптар боюнча издөөдө. Бул... Читать дальше...

Өнүгүп бараткан өлкөлөрдөгү климат программаларына 100 млрд. доллар бөлүнөт

Azattyk.org 

Париждеги саммитте бай мамлекеттер өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн климат программаларына колдоо көрсөтүү үчүн 100 млрд. доллар бөлүп берүүнү макулдашты. Франциянын президенти Эммануэл Макрондун демилгеси менен өткөрүлгөн Жаңы глобалдык каржылык пакт боюнча эки күндүк саммит 22-июнда ачылган. Кырктан ашуун мамлекеттин лидерлери климат программаларын каржылоо боюнча алдыдагы эки жылдын жол карталарын түзүп алуу үчүн чогулду. Арасында Кытайдын өкмөт башчысы, Бразилиянын президенти, Африканын жыйырмадай өлкөсүнүн жетекчилери да бар. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн эрегиши эмне болот?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште каникулга тарар алдында иш кызыды. Парламент депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берип, кол тийбестиктен ажыратты. Ошол эле кезде парламент Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алууну президентке сунуштады. Жогорку Кеңештин соңку чечимдери өлкөдөгү саясий абалга жана парламенттин баасы менен баркына кандай таасирин тийгизет?

Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта жаткан 16 адамдын экөө - Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 23-июнда Биринчи Май райондук соту чыгарды. Сотто жүргөн "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, калган 14 адам абакта калды. Кемпир-Абад иши боюнча сот 26-июнда уланмай болду. Бүгүнкү отурумда адвокаттар Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта отургандардын баарын үй камагына чыгарууну, өлкө ичинде эркин жүрүүсүнө да уруксат берүүнү өтүнүшкөн. ... Читать дальше...

"Кылмыш мөөнөтү өтүп кеткен". Мадумаровду кандай жаза күтөт?

Azattyk.org 

Башкы прокуратура "Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат алды. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берди. Эми оппозициячыл саясатчынын иши нукта кандай уланат? Кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенби? Ошентип “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кол тийбестиги алынып, эми тергөө тоскоолдуксуз жүрүп, керек болсо аны камоого да жол ачылды. Читать дальше...

Байсаловго мамлекеттик чин ыйгарылды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси чини ыйгарылды. Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, класстык чин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата берилди. 23-июнь - Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү катары белгиленет. 22-июнда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу тууралуу чечим кабыл алып, бул тууралуу сунушту президент Садыр Жапаровго жолдогон. Читать дальше...



Кемпир-Абад иши: абактагыларды үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилди

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча соттук угууда адвокаттар айыпталгандарды үй камагына чыгарып, аларга өлкө ичинде эркин жүрүүсүнө уруксат берүүнү өтүндү. Ушул тапта ишти карап жаткан сот М.Сыдыков өтүнүчтү кароо үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти деп кабарлады кабарчыбыз.  Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жараянды жабык карап жатат. Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала соттук угуу 22-июнда башталды.  Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн соң сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө... Читать дальше...

Жер астындагы байлыкты изилдеген адис тартыш

Azattyk.org 

Археология - тарых илиминин өзгөчө маанилүү бөлүгү. Бирок адистер Кыргызстан эгемендик алгандан бери археологиялык изилдөөлөргө акча бөлүнбөй, бул кесипке болгон кызыгуу да жоголо баштаганын айтууда. Өлкөдө учурда болгону онго жакын гана археолог бар. Жыл сайын алардын ашып кетсе жарымына гана лицензия берилет. Археология илиминин абалы, бузулуп кеткен жана жок болуу коркунучунда турган эстеликтер тууралуу кеп кылабыз. "Байыркы доорго таандык карапа таап алдык" Макала жазылып жатканда Жети-Өгүз... Читать дальше...

Кум басып калган казак айылдары

Azattyk.org 

Казакстандын Актөбө облусундагы айылдарды кум басып калды. Жылтырдын тургундары кумдан коргонуу үчүн айлана-тегерекке бак тиккени менен көчөттөр суудан өксүп турат. Жергиликтүү бийлик кум баскан дагы 19 айылдын маселесин чечүү үчүн каражат жок экенин айтууда.

Кыргызстан Орусиядан "Ми-17" тик учагын сатып алды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу күчтөрү Орусиянын "Рособоронэкспорт" мамлекеттик ишканасынан Ми-17 тик учагын сатып алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы 23-июнда кабарлады. "Көп максаттуу Ми-17 тик учагы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн алдында коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүлүктөрүн кыйла жогорулатат", — деди тик учакты тапшыруу салтанатында коргоо министри Бактыбек Бекболотов. Президент Садыр Жапаров Коргоо кеңешинин 13-июндагы жыйынында Коргоо... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши боюнча жараян райондук сотто жабык өтө баштады

Azattyk.org 

23-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жараянды жабык кароого киришти. Сот залына бардык айыпталуучулар - абактагылар, үй камагындагылар жана адвокаттар киргизилди. 22-июнда алдын ала соттук угуу башталган. Бирок абактан алып келинген 16 киши сотто Кыргызстандын гимни ырдагандан кийин залдан чыгарылган. Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн соң сотко өткөрүлгөнү 19-июнга маалым болгон. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон. Читать дальше...

Евробиримдиктин Орусияга каршы жаңы санкциялары күчүнө кирди

Azattyk.org 

Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын 11-айлампасы күчүнө кирди. 23-июнда Еврокеңештин сайтында бул жолку кабыл алынган чектөөлөрдүн кеңири тизмеси жарыяланды. "Кара тизмеге" Орусияны колдогон 87 компания, анын ичинде Москвага дрондорду жеткирген төрт ирандык ишкана да кирген. Андан тышкары, Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө жардамдашкан Армения, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Сирия жана Өзбекстандын компаниялары да чектөөгө кабылган. Жаңы санкциялар эки багытта колдонулчу товарларды... Читать дальше...

БУУнун өкүлү Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдар жана ЖМК мыйзамы боюнча билдирүү жасады

Azattyk.org 

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве бейөкмөт уюмдар жана ЖМК жөнүндө мыйзам долбооруна тынчыздануусун билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 23-июнда эл аралык уюмдар менен кызматташуу боюнча парламентте өтүп жаткан жыйында сүйлөдү. Граве Жогорку Кеңеш эл аралык уюмдар, жарандык коом менен бирге өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң роль ойнорун белгилеп, бейөкмөт уюмдар жана ЖМКлардын иштешин чектөөгө алган мыйзам долбооруна тынчызданды. БУУнун өкүлү депутаттарды чечим кабыл алууда бардык тараптардын сунушун угууга чакырды. Читать дальше...

Грузияда оппозициячыл телеканалдын камактагы башчысына ырайым берилди

Azattyk.org 

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен 3,5 жылга кесилген "Мтавари" оппозициячыл телеканалынын башчысы Ника Гварамияга ырайым берди. Гварамияны Рустави түрмөсүнүн алдынан үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары, тарапташтары, оппозициядагы партиялардын лидерлери тосуп турду. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Гварамия президенттен камактагы мурдагы мамлекет башчы Михаил Саакашвилиге да ырайым берүүнү өтүндү. 19-июнда Грузиянын Жогорку... Читать дальше...

Казакстанда журналист "экстремизмди каржылоого" шек саналып камалды

Azattyk.org 

Казакстанда журналист Думан Мухаметкарим эки айга камалганын анын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди. Баш коргоо чарасын сот 22-июнда, кечки саат 10до караган. Быйыл журналист административдик айыптарга байланыштуу үч жолу камалып чыккан. 20-мартта парламенттик шайлоодон кийинки маалымат жыйында ал добуш берүүнүн жыйынтыгына макул эмес жарандарды тынч митингге чыгууга чакырган. Бул үчүн эртеси күнү 25 суткага камалган. Май айынын башында Алматы облустук соту Мухаметкаримди тынч митингдерди өткөрүү... Читать дальше...

“Медиа Полиси Институту” балдарга зыяндуу маалымат тараткандар боюнча мыйзам чийки экенин билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандагы “Медиа Полиси Институту” уюму балдарга зыяндуу маалымат тараткандарды тыйып, айып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш чукул кабыл алганын билдирди. Аталган уюм бүгүн, 23-июнда билдирүү таратып, аталган мыйзамдын долбоору кайра иштелип чыгышы зарыл экенин белгилеген. "Бул мыйзам долбоору цензураны жана жарандардын маалымат алышын чектеген дагы бир административдик рычаг болуп саналат деп эсептейбиз. Ал эми демилгечилердин балдар үчүн коопсуз маалыматтык чөйрөнү түзүү... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

24-июнда түнкүсүн жана күндүз айрым тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Көпчүлүк башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25; Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30; Нарын облусунда түнкүсүн 8…13... Читать дальше...

Орусиядагы текшерүүлөр: Кезек кыргыз мигранттарына жеттиби?

Azattyk.org 

Орусияда иштеп жүргөн мигранттар текшерүүлөр күчөгөнүн айтууда. Мындай көрүнүшкө нааразы айрым кыргыз жарандары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги бул маселе каралып жатканын айтып, бирок мигранттарды мыйзамды так сактоого чакырды. Буга чейин Орусиянын бир нече аймагында иштеген тажик жарандарын текшерүү күчөгөнү кабарланган. "Полиция 14 кишини алып кетип баратат..." Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын видео кайрылуусу 20-июнда социалдык тармактарга тарады. Читать дальше...

Облустук телекомпаниялардын маяна маселеси чечилди

Azattyk.org 

Облустук телерадиокомпаниялардын кызматкерлеринин маяна ала албай жаткан маселеси чечилди. Бүгүн 23-июнда "Азаттыкка" Улуттук телерадиокорпорациясынан (УТРК) билдиришкендей, үч айлык маяна толук төлөнүп берилди. Акча 12-июнда түшкөнү, ошол замат бардык кызматкерлердин апрель, май жана июнь айлары үчүн айлыгы төлөнүп берилгени маалымдалды. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. 7-июнда парламенттин жалпы жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков "Үч ай мурун облустук компаниялар маданият министрлигинин карамагынан алынып... Читать дальше...

ӨКМ: Алайда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Azattyk.org 

Селге байланыштуу Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨМК) билдирди. 21-июнь күнү кечке жуук аймакта катуу жаандан кийин сел жүрүп, 45 турак үйдүн короо-сарайларын, үч социалдык объектинин (бир мектеп, балдар бакчасы, ФАП) короолорун кум-шагыл аралаш сел суулары каптаган. Бир электр мамысын сел агызып кетип, электр берүү убактылуу токтотулган. Сопу-Коргон – Терек ички чарбалык жолунун 7-чакырымында үч тилкеде... Читать дальше...

Бишкекте мамлекеттик кызматкер зордуктоого шек саналып, камалды

Azattyk.org 

Бир нече күн мурда Бишкектин Токтогул-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде (Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жайгашкан жер) жол четинде токтоп турган автоунаадан кыз менен жигиттин тартышып жатканы тартылган тасма соцтармактарга тараган. Тасмада сыртка жулунган кыз автоунаадан кулап түшкөнү, артынан шымы шыпырылган тейде эркек киши да кулаганы, ал кызга сыртта да асылганы тартылган. Ошол эле күнү Бишкек шаардык милициясына тааныш адамы автоунаада өзүн зордуктоого аракет кылганын айтып, 27 жаштагы кыз кайрылган. Читать дальше...

Адвокат Жээнбековдун абактагы жубайынын абалы начарлап кеткенин билдирди

Azattyk.org 

Оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын абалы начарлап жатканын, аны медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө өтүнүч келтирилгенин 23-июнда “Азаттыкка” адвокат Гуляна Убалиева билдирди. Адвокат Алимбаеваны тийиштүү медициналык жайга алып барып, компьютердик томографиядан өткөрүү зарыл болуп турганын, башынын жана ички органдарынын өнөкөт оорулары козголуп, арыктап кеткенин, мурда операция болгонун кошумчалады. Убалиеванын айтымында, ага жактоочу менен жолугушууга тоскоолдук болгон жок... Читать дальше...

Кытайга аткезчилик менен сайгактын мүйүздөрүн сатууга бөгөт коюлду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аткезчиликке каршы күрөш алкагында Кытайга мыйзамсыз сатылганы турган 160 кг (845 даана) сайгактын мүйүзү алынды. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, сайгактын мүйүздөрү Кыргызстанга чет жактан мыйзамсыз киргизилип, Кытайга аткезчилик менен ташылып бара жатканы аныкталган. Кылмышка шектүүлөр жүк ташып бара жаткан жеринен кармалган. Улуттук илимдер академиясынан жана Жаратылыш ресурстар министрлигинин адистеринин айтуусунда жана экологиялык-техникалык... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *