Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Новости за 24.06.2023

Москвадан Кыргызстанга учкан авиакаттамдардын билети кымбаттады

Azattyk.org 

Москвадан Кыргызстанга учкан авиакаттамдардын билети кескин кымбаттап кетти. Билет сатуучу ишкерлердин маалыматына ылайык, ишемби күнү түштөн кийин Москва-Бишкек багытына 18 миң сомго, Москва-Ош багытына 20 миң сомго чейин сатылды. Буга чейин алардын баасы 10500-14 миң сом болчу. Aviasales ресурсундагы маалыматка ылайык, Москвадан Бишкекке жана Ошко 24-25-июнда уча турган авиакаттамдардын эконом класстагы билети 60 миң рублден ашууда. Ал эми Bookit порталы 24-июнда уча турган Москва-Бишкек каттамындагы... Читать дальше...

Москвада мигранттарды жапырт текшерип жатат

Azattyk.org 

Орусиядагы мигранттардын кесиптик кошуунунун өкүлү Акбар Разыкулов полиция көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей туруп, жапырт бөлүмдөргө алып кетип жатканын билдирди. Учурда интернетте полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тарап жатат. Разыкуловдун айтымында, Москвадагы “Текстильщики” метросунун алдындагы бир эле кармоочу жайда 150 мигрант кармалып турат. Алардын басымдуу көпчүлүгү кыргыздар, жыйырмага чукулу гана Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары. Читать дальше...

Кыргызстанда орус рублинин курсу төмөндөөдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүн 24-июнда орус рублинин коммерциялык банктардагы курсу төмөндөп жатканы байкалууда. Көпчүлүк банктардын расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, орус рублин алар 78-90 тыйынга сатып алууда. Бир күн мурда орус валютасын сатып алуу курсу 1 сомдон жогору болчу. Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде элге кайрылып, өлкөдө аскердик козголоң уюштурулганын билдирди жана “аскердик жолдошторуна карата курал көтөргөндөр Орусияны сатып кетишкенин" айтты... Читать дальше...

Чек арадагы 150дөй айылга өзгөчө макам берилет

Azattyk.org 

Кыргызстандын чек ара аймагындагы 150дөй айылга өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 23-июндагы жыйынында белгилүү болду. Мындай чечим “мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш-шартын жакшыртуу, алардын арасында ички миграцияны токтотуу максатын көздөйт” деп жазылган өкмөттүк маалыматта. Өзгөчө макам кайсы айылдарга берилери... Читать дальше...

Ошто медиа-устаттын элесине арналган футбол турнири өттү

Azattyk.org 

Ош шаарында медиа-устат Таиржан Турсуналиевдин жаркын элесине арналган кичи футбол турнири болуп өттү. Ага "Т-Медиа", "Ынтымак", ЖТР, "АкиПресс", "Ош ТВ" жана "Ардагер" командалары катышты. 23-июнда болгон оюндун жыйынтыгында 1-орунду "Ынтымак" телеканалынын курама командасы, 2-орунду "АКИпресс-Ош", 3-орунду "Ош ТВ" командасы алды. Оюнду “Т-Медиа” телеканалы уюштурган. Жеңүүчүлөргө "Т.Турсуналиев медиа мектеби" коомдук бирикмеси тарабынан акчалай сыйлык жана белектер тапшырылды. Турсуналиевдин... Читать дальше...

Москвага контртеррордук операция режими киргизилди

Azattyk.org 

Москва шаарына, Москва облусуна жана Воронеж облусуна контртеррордук операция режими киргизилди. "Свобода" радиосу маалымдагандай, Москвада, Ростов, Воронеж, Тула, Тверь, Калининград жана Липецк облустарында массалык иш-чаралардын баары токтотулду. 24-июнда Москвада жыл сайын өтүүчү "бүтүрүүчүлөр кечеси" бир аптага жылдырылды. Воронеж облусунун бийлиги тургундарды М-4 "Дон" трассасында аскердик техникалардын колоннасы баратканы үчүн жолго чыкпай турууга чакырды. Жолдун 300 чакырымдан ашуун бөлүгү жабылган. Читать дальше...

Путин "Вагнердин" аракетин чыккынчылыкка айыптады

Azattyk.org 

Евгений Пригожин жетектеген "Вагнер" жеке аскердик компаниянын жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарындагы аскердик объектилерди басып алганы тууралуу маалыматтан кийин кайрылуу жасаган орус президенти Владимир Путин "өлкөнү коргоо үчүн бардыгын жасоого" убада берди. Ал 24-июнда мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде элге кайрылып, "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, кырдаалды турукташтыруу үчүн “чечкиндүү чара көрүлөрүн” билдирди. Ал Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин... Читать дальше...



Песков Путин кырдаалга байланыштуу билдирүү жасай турганын айтты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин кырдаалга байланыштуу билдирүү менен чыгарын анын маалымат катчысы Дмитрий Песков ТАСС агенттигине билдирди. Маалыматка ылайык, президент Путин жакынкы убакытта телекайрылуу жасайт. "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген. Читать дальше...

Кыргызстандык мигрант: Ростов-на-Донуда базар жана жолдор жабылды

Azattyk.org 

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында ишемби күнү базарлар, айрым ири жолдор жабылганын шаарда иштеген кыргызстандык мигрант "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда 24-июнда базарды ачууга уруксат берилген эмес. "Биз шаардын сыртында турабыз. Базар да шаардын четинде. Биз тарап тынч эле, бирок ошентсе да бизге базарды ачтырбай коюшту. Чоң трассалар да жабылды дешти. Шаардын борборун билбейм, бирок бизге эртеден бери Кыргызстандагы туугандар чалып, кабатыр болуп атышат", -деди атын ачык атабоону суранган мигрант. Читать дальше...

ЭлТР жетекчисинин Оштогу орун басары кызматынан кетти

Azattyk.org 

ЭлТР мамлекеттик телеканалынын жетекчисинин Оштогу орун басары Адыл Акжол уулу кызматынан кетти. Ал Фейсбуктагы баракчасына иштен өз каалоосу менен кеткени тууралуу арызды президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбековдун иш бөлмөсүндө жазып бергенин кабарлады. "Өз ыктыярым менен кызматтан кетүү арызын Дайырбек Орунбековдун иш бөлмөсүндө жазып бердим. Ага Акылбек Жапаров кол койду. Кызматта эч бир адам түркүк эмес! Бүгүн бар, эртең жок! Адам бойдон калалы! Баарыбыздын бара турган жерибиз бир!"... Читать дальше...

Сокулуктагы бала бакчанын имараты балдарга кайтарылды

Azattyk.org 

Сокулук райондук прокуратурасынын доо арызынын негизинде райондогу бала бакчанын имараты, жери менен кайтарылып алынды. Башкы прокуратура маалымдагандай, аталган бала бакчанын эки кабат имараты 2004-жылы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен Социалдык Фонддун райондук башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Соцфонддун райондук башкармалыгы аны административдик имарат катары колдонуп келген. Имараттын баасы — 10 млн. 120 миң сом. Сокулук райондук прокуратурасынын аталган... Читать дальше...

Пригожин Ростов-на-Дону шаарын алганын, Москвага бара турганын билдирди

Azattyk.org 

"Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин эгер коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын айтты. Ал бул тууралуу видео-кайрылуусун өзүнүн Телеграм каналдарында жарыялады. Тасмада Пригожин коргоо министринин орун басары Юнус-Бек Евкуров жана генерал Владимир Алексеев менен сүйлөшүп жатканы тартылган. Алексеев бир күн мурун "вагнерчилерди" баарын токтотууга чакырып, кырдаалды мамлекеттик төңкөрүш аракети деп сыпаттаган. Читать дальше...

Пригожиндин аскердик колоннасы Ростов-на-Дону аймагына киргени ырастала элек

Azattyk.org 

"Вагнер" жеке аскердик тобунун башчысы Евгений Пригожин түнкү саат бирге жакын анын колоннасы Ростов-на-Дону аймагына киргенин билдирди. Бирок расмий органдар бул маалыматты ырастай элек. Пригожиндин айтымында, чек арачылар жана аскерде кызмат өтөгөндөр ага тоскоол болгон эмес, тескерисинче "кучак жайып" тосуп алган. Пригожин Орусиянын Башкы штабы аба күчтөрүнө "Вагнердин" колоннасына сокку урууга буйрук бергенин, бирок учкучтар бул тапшырманы аткаруудан баш тартканын айтты. 23-июндун кечинде... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *