Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Новости за 13.06.2023

Баткен: Чек ара окуясында жарактан чыккан үйлөрдүн сегизи бүтө элек

Azattyk.org 

2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда үй-жайынан ажыраган сегиз үй-бүлөнүн тамы даяр боло элек. Алардын үйү ушул ай ичинде бүткөрүлүп, тапшырыларын 13-июнда "Азаттыкка" Баткен облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын башчысы Дүйшө Жалилов билдирди. Өкмөт убада кылган 417 үйдүн 409унун курулушу аяктаган. Жалилов учурда чек ара чырында жабыркаган айылдарда социалдык мекемелерди куруу иштери уланып жатканын, таза суу өткөрүү, жол куруу, медицина... Читать дальше...

Футбол: CAFA Кыргызстан-Ооганстан оюну боюнча чечимин жарыялады

Azattyk.org 

Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын аткаруу комитети (CAFA) Кыргызстан менен Ооганстандын футбол курамаларынын Бишкекте 10-июнда өткөн Улуттар кубогундагы беттеши боюнча чечимин жарыялады. Аткаруу комитетинин шашылыш жыйыны беттештин эртеси өткөнүн “Кыргыз футбол бирлиги” уюму 13-июнда кабарлады. Анда кабыл алынган чечимдердин биринчиси – Ооганстанга оюндун регламентин бузганына карабастан Улуттар кубогундагы оюндарын улантуусуна уруксат берүү. Мындай чечим беттештердин адилеттигин, турнирдин... Читать дальше...

БУУ жана Еврошаркет өкүлдөрү Кыргызстандагы эки демилгеге тынчсыздануу билдиришти

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Европа Биримдигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү кыргыз бийлигинин жарандык коомго жана Жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) байланыштуу жаңы демилгелерине тынчсыздануусун билдиришти. 13-июнда Бишкекте өткөн "Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары" жыйынында сүйлөп жатып БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве бейөкмөт уюмдар аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырып жаткан маанилүү күч экенин... Читать дальше...

Өспүрүмдөр арасындагы күрөш: Өмүрбек Асан уулу Азия чемпиону болду

Azattyk.org 

"Бишкек-Арена" спорт комплексинде өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу жеңүүчү болду. Ал 13-июнда эркин күрөштөн 60 килограммга чейинки салмакта финалда ирандык Сажад Голамхассан Пирдайехти 2:1 эсебинде утту. Өмүрбек Асан уулу буга чейин чейрек финалда түркмөн балбаны Үмүт Какалиевди 13:4, жарым финалда индиялык Тушар Тушарды 8:2 эсебинде утуп алган. Ушул эле күнү кыргызстандык эки балбан коло байге үчүн таймашты. 48... Читать дальше...

Маданият министрлигинин өкүлү демократияны сактап калуу керек экенин айтты

Azattyk.org 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева Бишкекте 13-июнда өткөн "Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары" жыйынында сүйлөп жатып өлкөдө демократияны сактап калуу керек экенин билдирди. Ал президенттик администрация даярдаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча түзүлгөн жумуш тобу бир пикирге келиши керек деп эсептей турганын айтты. “Азыр эми дагы убакыт бар. Читать дальше...

Былтыр абактагы 381, быйыл жарым жылда 218 адамга ырайым берилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда абакта отурган адамдарга ырайым берип, эркиндикке чыгаруу көрсөткүчү жогорулап жатат. Бул тууралуу бүгүн 13-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйында Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков билдирди: “Ырайым берүү саны көбөйүп жатат. Анткени быйыл жарым жылда 218 соттолгонго ырайым берилди, а былтыр бир жыл ичинде 381 болгон”. Садыковдун айтымында, быйылкы жылдын башынан бери 702 материал каралып... Читать дальше...

Өзбекстандын мурдагы президенти Каримовдун уулу өгөй энесин сотко берди

Azattyk.org 

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун уулу Петр Каримов өгөй энеси Татьяна Каримованы сотко берди. Ташкент шаардык сотунун сайтында жайгашкан маалыматка караганда, Ислам Каримовдун биринчи никесинен төрөлгөн Петр мураска ээ болуу укугуна байланыштуу сотко кайрылган. 54 жаштагы Петр Каримов 1990-жылдардан бери негизинен Москвада жашайт. Ал Ташкент айыл чарба институтун 1988-жылы бүтүргөнү белгилүү. Анын апасы Наталья Кучми менен Ислам Каримов 1969-жылы ажырашып кеткен. Кийин Татьяна Каримовага үйлөнүп... Читать дальше...

Министрлик Төө-Ашуудагы туннелде оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирди

Azattyk.org 

Бишкек-Ош магистралындагы башкы туннел - Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелде электр зымдары алмаштырылып жаткандыктан, унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлиги маалымдап, туннелдеги тыгын тууралуу соцтармактарга тараган маалыматтарга жооп берди. Маалыматка ылайык, кабелдерди алмаштыруу иштери жыл сайын жайкысын жүргүзүлүп турат. Министрлик ошол эле учурда мурунку эки күн бою туннелдин жолунда аккан суу ташкыны боюнча да түшүндүрмө берди. Читать дальше...



"Армия мобилдүү болушу керек". Кыргызстандын Аскердик доктринасы

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңеши жана Коргоо министрлиги Кыргызстандын жаңы Аскердик доктринасынын долбоорун иштеп чыкты. Ал өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, аскердик чыр-чатактарга жана согуштук аракеттерге жол бербөө үчүн даярдалган. Аскердик доктринанын долбоору талкууланган Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров Кыргызстан кандай гана ички же тышкы конфликт болбосун дипломатиялык жол менен чечүүгө даяр экенин айтты. Ошол эле кезде агрессорлорго жооп берүүгө өлкөнүн дарамети жетерин билдирди. Читать дальше...

Баткендин сел каптаган айылдарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Azattyk.org 

13-июнда Баткен районунун эки айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, буга аймакта кечээ жааган нөшөр жаандан кийинки түзүлгөн жагдай себеп болду. 12-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган. Учурда ал жерде куткаруучулар жана жергиликтүү бийлик тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. “Баткен райондук Жарандык коргонуу башчысы - акимдин буйругу менен өзгөчө кырдаал режими жарыяланып... Читать дальше...

Коргонуу тармагына эки жылда 83,4 миллиард сом жумшалды

Azattyk.org 

Кыргызстан коргонуу тармагына соңку эки жылда 83,4 миллиард сом жумшады. Бул тууралуу 13-июнда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди: "Акыркы жылдары коргонуу жөндөмүбүздү күчөтүү үчүн алгылыктуу кадамдарды жасап жатканыбызды бүгүн айта кетсем ашыкча болбос. Мамлекеттик коргоого, укуктук жана коопсуздукка жумшалган каражаттын көлөмү 2010-жылы 8,2 миллиард сом болчу. Биз акыркы эки жылда 83,4 миллиард сом жумшадык - 2021-жылы 31,2 миллиард, 2022-жылы 52,2 миллиард". Читать дальше...

"Медиа Полиси Институту" ЖМК боюнча соңку долбоорго талдоо жүргүздү

Azattyk.org 

“Медиа Полиси Институту” уюму президенттик администрация тарабынан даярдалган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун бешинчи редакциясына талдоо жүргүзүп, долбоор Баш мыйзамга жана эл аралык келишимдерге каршы келерин билдирди. Фонддун 13-июнда тараткан билдирүүсүндө, долбоордун буга чейинки редакциялардында жумушчу топ менен бирге ар бир берене боюнча деталдуу талкуу жүрбөгөнү, президенттин администрациясы эркин медиалардын ишмердигине тобокелчилик жарата турган нормаларга көңүл бурбай келгени жазылган. Читать дальше...

Жогорку Сот наристени кордогон адамдын өкүмүн жумшартты

Azattyk.org 

Сокулукта эки жаштагы наристени кордоп сабаган кишинин өкүмү өзгөрдү. Бүгүн, 13-июнда бул иш Жогорку Сотто каралды. Өз чечиминде Жогорку Сот ал адамды "коомдон ажыратпай туруп оңдосо болот" деген бүтүмгө келгени маалымдалды. Беш жылдык түрмөнүн ордуна ага эки жыл пробациялык көзөмөл деген жаза чарасы чегерилди. Былтыр июнь айында Сокулук райондук соту эки жаштагы Егорду сабоого айыпталып жаткан 35 жаштагы Александр Самаркинди беш жылга эркинен ажыраткандан кийин облустук сотко апелляциялык арыз берилген. Читать дальше...

Күрөш (U-17): Өмүрбек Асан уулу Азия чемпионатынын финалында күрөшөт

Azattyk.org 

"Бишкек-Арена" спорт комплексинде өтүп жаткан күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу финалда күрөшөт. Ал бүгүн, 13-июнда эркин күрөштөн 60 килограммга чейинки салмакта финалда ирандык Сажад Голамхассан Пирдайех менен беттешет. Алтын байге үчүн таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. Өмүрбек Асан уулу буга чейин чейрек финалда түркмөн балбаны Үмүт Какалиевди 13:4, жарым финалда индиялык Тушар Тушарды 8:2 эсебинде утту. ... Читать дальше...

Кыргызстанда КМШ аймагында изделген ондогон киши жүзүнөн таануучу камера аркылуу аныкталды

Azattyk.org 

Соңку он күн ичинде Кыргызстанда Көз каранды эмес өлкөлөр шериктештигинде (КМШ) өлкөлөрүндө мамлекет аралык издөө жарыяланган 57 адам сырткы видео көзөмөл системасы аркылуу аныкталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн 13-июнда өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. 2-июндан тартып Кыргызстандын аймагында КМШга кирген мамлекет аралык издөө салынган адамдарды видео көзөмөлдөн жүзүнөн таанып, аныктоо системасы иштей баштады. Милицияга жеткирилгендердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары экени... Читать дальше...

Айдарбеков жаштардын 80% чет өлкөлөргө кетүүнү көздөй турганын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" фракциясынын мүчөсү Чыңгыз Айдарбеков мындай пикирин 13-июнда Бишкекте өтүп жаткан сөз эркиндигине жана адам укуктарына арналган жыйында билдирди. "Социологиялык сурамжылоолор көрсөткөндөй, Кыргызстандык жаштардын 80% ашууну чет өлкөлөргө кетүүнү көздөйт. Бул өлкө үчүн чоң коркунуч", - деген депута бийликти, мамлекеттик кызматкерлерди бул маселенин олуттуу экенине маани берүүгө чакырды.  Айдарбеков Кыргызстанда сөз эркиндигин жана адам укуктарын чектеген мыйзамдар демилгеленип... Читать дальше...

"Ит-куш эмес, адамдын ач көздүгү коркунучтуу": казак талаасындагы бөкөндөр

Azattyk.org 

Май айы – бөкөндөр үчүн туут маалы. Адистердин баамында Казакстандын байтак талааларын байырлаган бул антилопа сымал жаныбардын башы жыл сайын орто эсеп менен 40 пайызга көбөйүүдө. Бирок адистер бөкөндүн санын көбөйтүү оңой болбогонун, анткени анын эң башкы душманы азуусу курч жырткычтар эмес эле кадимки адамдардын ач көздүгү экенин белгилешет. КУУТТАН КИЙИН Актөбө облусунун Иргиз айылынын 74 жаштагы тургуну Омар Сактаганулы өмүрүнүн 45 жылын бөкөндү коргоого арнаган. Ал Иргиз-Тургай мамлекеттик жаратылыш коругунда иштеп... Читать дальше...

Баткен: селден жабыркаган жаран ооруканага түштү

Azattyk.org 

12-июнда кечинде Баткен жана Кадамжай районунун бир катар айылдарында катуу жаан жаап, сел жүрдү. Кадамжай шаарында сел "Матиз" үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен. Жергиликтүү тургундар анын айдоочусун куткарып калганын, учурда ал ооруканада дарыланып жатканын президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Анын абалы тууралуу маалымат берилген жок. Селдин кесепетинен Кадамжай районундагы Орозбеков, Масалиев, Көтөрмө айыл аймактарында, Баткен районунун Суу-Башы, Кыштут айыл аймактарындагы ички жолдор... Читать дальше...

Казакстандагы токойдогу өрттө бир киши дайынсыз болууда

Azattyk.org 

Казакстандын Абай облусундагы токойду чалган өрттү өчүрүүгө кеткен  жергиликтүү тургун дайынсыз болууда. Бул тууралуу 13-июнда облус башчысы Нурлан Уранхаев билдирди. Анын айтымында, дайынсыз кеткен жарандын табылган. Уранхаев өрттө үч турак жай жана эки автоунаа күйүп кеткенин кошумчалады. Жакынкы Семей жана Бородулиха айылдарынын тургундары коопсуз жактарга көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калктуу конуштарга коркунуч жок экенин, өрттү өчүрүү уланып жатканын маалымдады. Казакстандын... Читать дальше...

Сөз эркиндиги жана адам укуктары чектелет деген мыйзам долбоорлору талкууланууда

Azattyk.org 

"Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары" деп аталган жыйынга жарандык коом, эл аралык уюмдар, журналисттер жана парламент депутаттары катышууда. Анда өлкөдөгү сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдар, адам укуктарына байланыштуу демилгеленген мыйзам долбоору талкууланып жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары жана Президенттик администрация демилгелеген "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик-укуктук... Читать дальше...

Нукус окуяларына байланыштуу соттолгон беш киши бошотулду

Azattyk.org 

Өзбекстандын Жогорку Соту 12-июнда Нукус окуялары боюнча соттолгон 28 адамдын аппеляциялык арызын карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, бешөө шарттуу бошотулуп, 16 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды. Бошотулган беш кишиге кечки саат 22:00дөн таңкы 6га чейин үйдөн, жашаган аймактан чыгууга, тиешелүү органдар менен макулдашпай үй-жайын алмаштырууга тыюу салынат. Нукус окуясы боюнча кесилген дагы жети кишинин биринчи инстанция чыгарган өкүмү өзгөртүүсүз калды. Алардын ичинде башкы айыпталуучу саналган Даулетмурат... Читать дальше...

Беш айда пенсия үчүн 29,6 миллиард сом бөлүндү

Azattyk.org 

Быйыл беш ай аралыгында республикалык бюджеттен пенсионерлерге жалпысынан 29 млрд. 631 млн. 648 083 сомдук пенсия төлөндү. Бул былтыркы ушул убактагы көрсөткүчкө караганда дээрлик 6,9 млрд.сомго көп. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, былтыркы беш айда пенсионерлерге 22 млрд. 746 млн. 773 336 сом төлөнүп берилген. Беш айда пенсиялык төлөм эң көп Ош облусуна - 5 млрд. 457 млн. 788 020 сом бөлүнгөн. Ал эми Талас облусуна эң аз - беш айда 1 млрд. 234 млн. 434 507 сом бөлүнгөн. Бул айырма облустардагы пенсионерлердин саны менен байланыштуу. Читать дальше...

Ташиев күч тармагынын жакшырганын коомго билдирип турууну сунуштады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мындай сунушту бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. "Каржылык камсыздоонун көбөйгөнүн, куралдуу күчтөрдүн аскердик техникалык жана башка жагынан көтөрүлгөнү тууралуу маалыматтарды жок дегенде пайыздык көрсөткүчтө коомго билдирип турушубуз керек. Эл канчалык деңгээлде өзгөрүү болгонун билиши керек". Камчыбек Ташиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине бюджеттен бөлүнүп жаткан акчаны натыйжалуу пайдалануу... Читать дальше...

Чек ара кагылышында курман болгон 37 аскерге кенемте төлөндү

Azattyk.org 

2023-жылы сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон бардык аскерлердин үй-бүлөлөрүнө акчалай жана башка жардамдар толук төлөнүп берилди. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. "Чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон бардык аскерлердин үй-бүлөлөрү сиздин жана демөөрчүлөрдүн демилгесине ылайык, үй менен камсыз болду. Үйлөрдү... Читать дальше...

13-июнда күн ачык болот

Azattyk.org 

13-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36; Талас жергесинде түнкүсүн 14…19... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *