Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

ИИМ: Чүйдө ымыркайын сатууга аракет кылган аял кармалды

0
ИИМ: Чүйдө ымыркайын сатууга аракет кылган аял кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда "iPhone 12 Pro үлгүсүндөгү телефонго жана накталай акчага боюндагы баласын сатууга аракет кылган келин кармалганын" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө С.З. аттуу аял боюндагы баласын сатууга ниеттенүүдө” деген маалымат келип түшкөн. Милиция аталган фактыны каттап, Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинде (балдарды сатуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери "жаңы төрөлө турган ымыркайды сатуу боюнча кылмыштуу схеманы аныкташкан". Тактап айтканда, С.З. аттуу 25 жаштагы жаран 8 айлык боюнда бар кезинде Б.Ф. аттуу 27 жаштагы жаран менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык пайда көрүү максатында ага курсагындагы баласын сатууну макулдашканы такталган.

Муну үчүн ал акы катары 100 000 сом өлчөмүндөгү накталай акча, iPhone 12 Pro үлгүсүндөгү телефон жана Орусияга учуп кетүү үчүн билеттин акчасын алмак болгон. Мындан сырткары, баланы сатып алууну каалаган аял кош бойлуу келинди төрөгөнгө чейин багып, камкордукка алып турууга макулдук берген.

Ымыркайды сатып алууну көздөгөн аял баланы өзүнө каттатуу үчүн Ысык-Ата районунун жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкери менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, өзүнө кош бойлуу болгондугу тууралуу жалган карта түздүрүп алган. Натыйжада С.З. аттуу келин Б.Ф. атуу келиндин ысымын колдонуу менен аталган төрөт үйүндө кыз төрөгөн.

Чүй облустук жана Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери бул кылмышка бөгөт коюп, баласын сатууга аракет кылган, баланы алууга аракет кылган жана бул процессти мыйзамсыз каттаган төрөт кызматкерин кармашкан.

Тергөө учурунда баланы төрөгөн аялдан iPhone 12 Pro үлгүсүндөгү телефон далил буюм катары алынып, кылмыш ишинин материалдарына тиркелген.

Тергөөнүн жыйынтыгыда бул кылмыш ишинин бардык катышуучуларынын кыймыл аракеттерине юридикалык баа берилип, тиешелүү айыптар тагылган. Учурда тергөө иштери уланып, кылмыш ишин кароо үчүн сотко жөнөтүү маселеси чечилүүдө деп айтылат расмий маалыматта. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *