Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Иранда студенттин өлүмүнөн улам акцияга чыккандарга ок атылды

0
Иранда студенттин өлүмүнөн улам акцияга чыккандарга ок атылды

Ирандын батышындагы Абданан шаарында 21 жаштагы студенттин өлүмүнө байланыштуу ондогон адамдар нааразылык акциясына чыгып, өкмөткө каршы ураандар айтылды. Социалдык тармактарга тараган  видеолордо демонстранттар жолдорду бөгөп, "Хаменеиге өлүм" (Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи), "Биз балдарды өлтүргөн өкмөттү каалабайбыз" деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот.

Адам укуктарын коргоого багытталган Hengaw сайты маалымдагандай, каршылык акциясына чыккандарды күч органдары ок атып, жаш чыгарчу газ чачып, союл менен сабап таратууга аракет кылды. Бир нече демонстрант жаракат алды.

Көп жылдан бери чет жакта жашаган, Абданандан чыккан активист Исса Базиар "Твиттерге" жазгандай, Сулейманхани 26-майда үйүнө "ур-токмокко алынгандай абалда, колдорунда күйгүзүлгөн тамекинин издери менен" келген". Көп өтпөй ал комага түшүп, ошол эле түнү жан берген.

Абданандагы тартип коргоо жана сот органдары Сулейманханинин өлүмү тууралуу толкундоолор болгончо эч кандай комментарий берген эмес. Ал эми 1-июнда Илам провинциясындагы сот бийлигинин башчысы Омран Али Мохаммад "Тасним" маалымат агенттигине Сулейманхани "өз жанын кыйганын" билдирди.

Буга чейин абакта жаткан жеринен көз жумган Махса Амининин өлүмүнө байланыштуу тутанган демонстрацияларда жалпысынан 750дөй студент камалганын укук коргоочулар белгилешет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *