Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Кызыл-Кыядагы мектептен “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желеги табылды

0
Кызыл-Кыядагы мектептен “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желеги табылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектептин аймагында бүтүрүүчүлөрдүн урматына арналган тактайчанын жанынан Кыргызстанда тыюу салынган “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желеги табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Мындан сырткары ушул эле мектептеги тосмонун дубалдарына “Сени кыйратканды жок кыл”, “Сенин камераң сага жардам бербейт”, “Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо” деген жазуулар калтырылганы такталган.

УКМК менен Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.М.У., И.З.З. жана М.М.Г. аттуу аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү буга тиешеси бар экени аныкталган.

Соттун уруксаты менен 2-июнда аталган адамдардын жашаган жерлеринде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдарга жана “Ислам мамлекети” уюмуна тиешеси бар ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылып экспертизага жиберилди.

Кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 2023-жылдын 25-майында орто мектептин аймагына илинген "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргызстанда сот 2003-жылдан бери террорчу жана экстремисттик уюм катары 21 диний бирикменин өлкө аймагындагы ишмердигине тыюу салган. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *