Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Тажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлдү

0
Тажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлдү

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 2-июнда Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Дилшод Талбакзода менен жолугушту.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден кабарлашкандай, жолугушууда Тажикстанда жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарынын корголушу жана бул өлкөдө соттолуп, жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарын Кыргызстандын абактарына которуу маселеси көтөрүлдү.

ТИМ Тажикстанда канча кыргыз жараны абакта жатканын тактаган жок. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2022-жылы Тажикстанда ондон ашык кыргызстандык соттолуп, жазасын өтөп жатканын маалымдаган. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *