5-июнга аба ырайы: Күн 37 градуска чейин ысыйт
Эртең, 5-июнда күн айрым аймактарда 37 градуска чейин ысыйт.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. Түнкүсүн абанын температурасы 17…19°, күндүз 33…35 градус жылуу болот.
Чолпон-Ата шаарында да жаан күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө суунун температурасы азырынча муздак бойдон, Чолпон-Ата шаарындагы жээкте ал +14.4 градус, ал эми көл боюнча эң муздак суу Кажы-Сай шаарынын жээгинде +12.6 градус.
Эртең күндүз Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15… +20, күндүз +30…+ 35 градус.
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн +3… +8, күндүз +16… +21.
Таласта түнкүсүн +10…+15, күндүз +28… +33 градус.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында бирдей эле абал +16…21, +32…+37.
Ысык-Көл облусунда түн ичинде +7…+12, күндүз болсо +20…+25.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +3…8, күндүз +18…+23.
Нарындын бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн дагы деле суук - түн ичинде 0…-5, күндүз +5…+ 10 градус.